Акыркы макалалар

Кул болуп калба!

Кул болуп калба!

Эгемендик алгандан бери жан сактоонун айынан чет өлкөлөргө иш издеп кеткен бала-бакыралардын саны арбын. Алардын көпчүлүгү тигил же бул өлкөнүн тилин же маданиятын билбестен мыйзамсыз жөнөп кетишүүдө. Демек алар тил билбегендиктен ар кандай кыйынчылыктарга тушугушуп, укук коргоо органдарына да аз кайрылышат. Мигранттар кайда барбасын өздөрүнүн укук, милдеттерин, ошол жердин мыйзамын дурустап билип кетишсе.жумуш издеп табууга да ыңгайлуу. Мындай учурда алар адам соодалагандардын көз кырына илинип, адам сатуунун курмандыктары болуп кетишүүдө. Бул багытта Нарын шаарындагы «Нуржолбер» коомдук бирикмеси миграция боюнча эл аралык уюм (МОМ) менен ЮСАИДдин колдоосунда адам сатуунун алдын алуу боюнча өткөн жылдын ноябрь айынан бери «Адам сатууну токтотобуз» аталыштагы долбоорун турмушка ашырууда. Анын максаты жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдары менен бирдикте жер-жерлерде жолугушууларды уюштуруп, адам сатуунун алдын алуу багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. «Нуржолбердин» мүчөлөрү жана волонтерлору жакында долбоордун алкагында №87-кесипчилик техникалык лицейде жана эл көп жүргөн коомдук жайларда болушуп, көчө акциясын уюштурушуп, окуучулар, студенттер жана жигердүү адамдар менен жолугушууларды өткөрүштү.

Нуржолберчилер акцияда адам сатуу боюнча төмөндөгүлөрдү эскертишти. Алгач соодагерлер «Жеңил эле жумуш үчүн көп акча төлөнөт, жакшы жашоо үчүн болгон мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбагыла» деп азгырышып, жол кирелери менен жашаган акыларын өздөрү төлөөгө убада кылышат. Адам сатуунун курмандыктары негизинен эркектер, аялдар жана балдар да болгондуктан аларды курулуштарда, айыл чарба жумуштарында, үй тиричилигинде иштетүү үчүн жана секс кызматын аткартуу үчүн жалдашат. Соодагерлер жумушсуздуктан, мүмкүнчүлүктөрүнүн жетишсиздигинен пайдаланышып, көпчүлүгү жаш кыз-келиндерди кылтакка илишет. Мындай караганда эч кимдин кул болуп эзилүүгө акысы жок. Алар өмүр бою бирөөгө кул, күң болуп кыйналуу менен жашоо өткөрүүгө тийиш эмес. Ошондой эле башка бирөөлөрдүн азап чегүүсүнө да көз жумбагыла, колуңардан келсе, аларга жардам бергенге шашылгыла,-- дешип ким болбосун чет өлкөгө иш издеп же окууга баратканда эмнелерди эске салуу керектигин баса белгилешип, коопсуздук паспорту баш болгон маалымат китепчелерин таратышты.

- Пайда табыш үчүн кулдукка тааныш-билиштериң, туугандарың жана мурда кул болуп келгендер деле сатып коюшу мүмкүн. Адам сатуу — глобалдык масштабдагы кылмыш. Алардын негизги максаты киреше табуу. Андыктан чет өлкөгө бараарда «Нуржолбердеги»-- 189-түз байланышына чыгып акысыз маалымат алсаңыздар болот. Эми силер бир кесиптин ээси болуп, жумуш издеп жөнөйсүңөр. Кокус иш издеп, чет өлкөгө барып калсаңар жарандык паспортту эч кимге бербегиле, кул болуп калбаш үчүн кыраакы болгула, ойлонгула, так жана сак болгула, бирөөлөргө жардам берүү үчүн кол сунгула, --деп долбоордун консультанты Назира Абакирова лицейдин окуучуларына чет өлкөдө жумуш издөө учурунда коопсуздуктан сактануунун жолдору тууралуу түшүнүктөрдү берип, адамдарды сатуу кылтагына илинип калбоо үчүн сак болууга чакырды.

Акциянын катышуучулары да чет өлкөдө мыйзамдуу түрдө ишке орношуу багытында өздөрүн тынчсыздандырган суроолорго жооп алышты.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...