Акыркы макалалар

Алименттер тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Чет өлкөлөрдөгү алименттерди өндүрүп алуу жөнүндө 1956-жылдын 20-июнундагы Конвенцияга кошулуу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 10-декабрында кабыл алынган.

«Чет өлкөлөрдөгү алименттерди өндүрүп алуу жөнүндө 1956-жылдын 20-июнундагы Конвенцияга кошулуу тууралуу» Мыйзамдын 3-статьясына киргизилген түзөтүүлөргө ылайык, ушул Конвенцияны ишке ашыруу боюнча жооптуу орган катары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментти аныкталды. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...