Акыркы макалалар

Оштогу көпүрө казуу иштеринин жүрүшүндө кумура табылды

Кумура Ош шаарындагы Навои көчөсүндө курулуп жаткан эстакадалык көпүрөнүн түркүгү үчүн казуу иштери жүрүп жатканда табылган. Жер үстүнөн 2 метрдей төмөн жакта табылган кумуранын ичинен эч нерсе чыкпаганы айтылууда. Бул тууралуу “Кабар-Пресс” мамлекеттик маалымат кызматы билдирди.

Күбөлөрдүн айтымында, куруучулар кумура табылгандан кийин, адистерге кайрылышкан эмес. Алар өз алдынча казып алууга аракет кылышкан. Натыйжада аны чыгарууга аракет кылып жатышып, сындырып алганы кабарланууда.

Адистер аны “Сулайман-Тоо” тарыхый музей комплексине өткөрүп бериш керектигин айтышат. Музейдин кызматкери Хайрулла Убайдуллаев менен байланышканыбызда, аларда бул тууралуу эч кандай маалымат жок экенин жана кызматкерлерге кабарлашпаганын билдирди.

Эске салсак, ушундай эле табылга 2011-жылы Жалал-Абад облусунун Барпы айыл өкмөтүнө караштуу Беш-Мойнок айылында болжол менен бир жарым метр тереңдиктен 4 кумура табылган болчу.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...