Акыркы макалалар

Ысык-Көлдө киши өлтүргөн жаранга кылмыш иши козголууда

Ак-Суу районунда жарадар болгон аялдын жана анын баласын өлтүргөн адам кылмышка шектүү деп кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ИИБ басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Маалыматка ылайык Ак-Суу райондук ички иштер бѳлүмүнѳ 14-январда адам өлтүрүү болгону жөнүндө маалымат түшүп, окуя болгон жерге ыкчам иликтөө тобу барышкан. Кылмышка шектүү адам жабыркаган аял менен чогуу жашаган. Анын мындай жолго барышына ичкиликтин айынан келип чыккан. Милиция кызматкерлери тарабынан 39 жаштагы жарандын жансыз денесин таап, андан тышкары райондук ооруканага 3 жеринен бычак менен жаракат алган 58 жаштагы аял жеткирилген. Белгилүү болгондой ал аял менен чогу жашаган кишинин ортосунда чатак чыккан. Мас болгон жаран аны бычак менен сайган. Ал эми энесине жардамга келген баласын 3 жолу бычак менен сайып, жаракат алган жаран ошол жерде каза болгон.

Кылмышка шектүү адамды ыкчам иликтөө тобу айылдын четинен кармап келишкен. Алдын ала берилген маалыматтарга караганда кармалган адам КР кылмыш кодексинин каракчылык беренеси боюнча мурда соттолгон. Ал Росссиянын Челябинск шаарынын тургуну болуп саналат.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камалып, учурда тергөө иштери журүүдө.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...