Акыркы макалалар

Бала бакчаларга салыктык жеңилдиктер берилиши мүмкүн

КСДП фракциясы "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзамдын долбоорун жактырды. Мындай чечим бүгүн, 16-январда фракциянын жыйынында кабыл алынды.

Мыйзам долбоору депутаттар тобу тарабынан бала бакчаларга салыктык жеӊилдиктерди берүү максатында иштелип чыккан.

Демилгечилердин бири депутат Төрөбай Зулпукаров 2014-жылы республикалык бюджеттин эсебинен 7 бала бакчанын курулушу пландалса, иш жүзүндө 1 гана бала бакча курулганын эске салып, өлкө боюнча жалпы муктаждыкты жоюу үчүн жок дегенде 2500 бала бакча керек экенин билдирди.

"Ушу тапта балдардын 17 пайызы гана бала бакчада тарбыяланат. Бул жетишсиз. Жеке менчик бала бакчаларга салыктык жеӊилдиктерди берүү зарыл. Ансыз бул көйгөйдү чечүү мүмкүн эмес", - дейт ал.

Жыйын жүрүшүндө бул маселе президенти тарабынан көтөрүлгөнү, ошондон улам мыйзам долбоорунун демилгечилери жеке менчик бала бакчаларды 4 салык түрүнөн бошотуу сунуштап жатканы белгилүү болду. Алар пайдадан түшкөн салык, сатыктан түшкөн салык, кошумча нарк салыгы жана жер салыгы.

Фракция лидери Чыныбай Турсунбеков азыр жеке менчик бала бакчалар бизнеске айланып калганын, эгерде салык жеӊилдиктер бериле турган болсо, анда мамлекеттик жана муниципалдык бала бакчаларга да ошондой эле жеӊилдиктерди кароо керектигин айтты. Анын пикиринде, балдар мекемелерин өз ара салыктык жиктештирүү социалдык теӊсиздикке алып келип, анын негизги принциптерине доо кетирет.

Талкуу жыйынтыгында депутаттар мамлекеттик бала бакчаларга да, жеке менчик бала бакчаларга да бирдей жеӊилдиктерди кароо чечимине келишти. Мындай сунушка өкмөттүн, Экономика жана Билим берүү министрликтеринин, Салык кызматынын өкүлдөрү да макул болушту.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери айтылган сунуштарды экинчи окуу учурунда эске алууга убада беришти.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...