Акыркы макалалар

БАЛДАРЫН ЭМДЕТИШПЕЙ...

Айрым дин адамдары диний мамилелерди бетине кармап, өз наристелерин эмдетпей жатышат. Жугуштуу ооруларды алдын алуу максатында жасалуучу милдеттүү түрдөгү медициналык кароодон Нарын району боюнча отуз төрт, Нарын шаарынан элүү тогуз, Ат-Башыдан отуз алты, Ак-Талаадан отуз, Жумгалдан алтымыш жети жаран (бардыгы 226 адам) баш тарткан.

КРнын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын укуктук тартип, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Ө.Мамаевдин айтымында, бул боюнча укук коргоо жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен чукулдан иштөөнү колго алуу зарыл. Ал эми медицина кызматкерлери балдарды эмдетүүдөн баш тартуудан улам кызамык оорулары көбөйүп жаткандыгын айтышууда.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...