Акыркы макалалар

ЖЫЛ МЫКТЫЛАРЫ ТАНДАЛДЫ

 ЖЫЛ МЫКТЫЛАРЫ ТАНДАЛДЫ

Эски жылдын соңунда артка сереп салып, аткарылган иштерди таразалап, жетишкендиктерди баалап, кетирилген кемчиликтерди эске алып, жаңы жылды жаңы дем, жаңыча иш-аракеттер менен тосуу абзел. Өткөн жылы облуста бир катар көрүнүктүү саамалыктар ишке ашырылып, изги ийгиликтер орун алды. Алдыңкыларды алдыга сүрөп, алдыдагы албан аракеттерге өбөлгө түзүп, өзгөлөргө өрнөк кылып, эмгекке шыктандырган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү облустун социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу багытында “Жылдын мыктылары” кароо-сынагын уюштуруп, татыктууларды аныктап, сыйлыктарды ыйгарды.

Жыл мыктыларын аныктоо салтанаты Нарын облустук мамлекеттик М.Рыскулов атындагы академиялык музыкалуу драма театрында өткөрүлүп, сахналаштырылган чоң программадагы концерт менен коштолду.

“Күлүктөн күлүк чыкса, төрт аягы тыбырайт” дегендей, кароо-сынакта мыктылардын мыктылары сегиз номинация боюнча ат салышты. Нарын облусунун 2014-2017-жылдарга өүнүгүүнүн жол картасы боюнча өткөн жылга карата аткарылган иштеринин жыйынтыгында 1-орундарды Жумгал районунун Таш-Дөбө жана Нарын районундагы Эмгекчил айыл аймактары ээлеп, айыл өкмөтүнүн башчылары Н.Бийсеевге жана Э.Кылжыровго 1-даражадагы дипломдор, жүз миң сомдук сертификаттар тапшырылды. 2-орунду Кочкор районундагы Кош-Дөбө, 3-орунду Ат-Башы районундагы Ат-Башы айыл аймактары ээлеп, дипломдор, телевизор баш болгон баалуу сыйлыктар менен сыйланышты. “Мыкты район” кароо-сынагында 1-орун Ак-Талаа жана Нарын райондоруна ыйгарылып, ар бирине жүз миң сомдук сертификаттарга, 1-даражадагы дипломго арзыды. Калган үч район: Жумгал, Ат-Башы, Кочкор райондору 2-орундарды ээлеп, дипломдор, телевизорлор тапшырылды. Мыкты облустук мекеме-ишканалардын арасынан Нарын облустук прокуратурасы 1-орунду ээлеп жүз миң сом менен сыйланса, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу Фондунун Нарын аймактык башкармалыгы 2-орунду, ал эми 3-орундарды №87-кесиптик-лицейи менен Нарын аймактык ветеринардык дарт аныктоо жана экспертиза борбору жеңип алышып, акчалай сыйлыктар, дипломдорго арзышты.

“Мыкты мектеп” кароо-сынагынын жыйынтыгында 1-орун Кочкор районунун Теңдик айылындагы Калыгул Бай уулу атындагы орто мектепке ыйгарылып, жүз миң сом, 1-даражадагы диплом тапшырылса, 2-орун Нарын районунун Жерге-Тал айылындагы А.Табалдиев атындагы, 3-орун Жумгал районунун Байзак айылындагы А.Молдокеев атындагы орто мектептерге тапшырылды. “Мыкты бала бакча” номинациясы боюнча 1-орунду ээлеген Нарын шаарындагы №14 бала бакчага 1-даражадагы диплом жана жүз миң сом ыйгарылса, 2-орун Жумгал районунун Түгөл-Сай айылындагы “Уруке” бакчасына, 3-орун Кочкор районундагы Кочкор айылынын Ак-Тилек бала бакчасына берилип, жеңүүчүлөр дипломдор, баалуу сыйлыктарга арзышты.

“Мыкты үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу” мекемелеринин арасында өткөн кароо-сынакта 1-орун Нарын шаарындагы №5 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна ыйгарылып, Түркиянын Анталия шаарына эс алуу жолдомосу тапшырылды. 2-орунду Ат-Башы районундагы Казыбек айылынын №4 Э.Оморов атындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 3-орунду Жумгал районунун Байзак айылындагы Т.Бокчубаев атындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жеңип алышты. “Мыкты китепкана” номинациясы боюнча 1-даражадагы диплом менен 50 миң сом акчалай сыйлык Ат-Башы районундагы Ак-Талаа айыл аймагында жайгашкан Калинин айылындагы К.Эсенгулова атындагы №12 китепканага тапшырылса, 2-орун Кочкор районундагы Кум-Дөбө айыл өкмөтүндөгү Шамшы айылдык Максүтов атындагы №5, 3-орун Нарын районундагы Эмгекчил айылдык китепканаларга берилди. “Мыкты клуб” кароо-сынагында Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Д.Ажиев атындагы клуб сыйланып, 50 миң сом утушка, 1-даражадагы дипломго ээ болду. 2-орун Кочкор районунун Исакеев айылындагы И.Тентимишов атындагы клубга, 3-орун Ат-Башы районундагы Ак-Муз айылдык клубуна ыйгарылып, бардык жеңүүчүлөр дипломдор жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Кайыпов облустун жыл ичиндеги жетишкендиктери, аткарылган иштер тууралуу маалымат берди.

Жылдын мыктыларын сыйлоо аземине баш калаадан ат арытып, жол карытып өлкөбүзгө төбөсү көрүнгөн теңиртоолук артисттер, ырчылар келишкен. Адылбек Кыязов, Дамира Баратбаева, Кубаныч Ажибаев, Аскат Мусабеков өңдүү чыгармачыл таланттардын ыр кайрыктарын созгон мукам үндөрү сахнада жаңырып, алар менен катар жергиликтүү сахна жылдыздары кем калышпай обон созушту. Катышуучулар Нарын облусунун акыркы жылдагы жетишкендиктери тууралуу видеотасмага күбө болушту.

Г.ТУРДАЛИЕВА.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...