Акыркы макалалар

Депутат: Жогорку Кеңештин депутаттарынын жарымынан көбүнүн бизнеси бар

Бүгүн, 15-январда парламенттин жалпы жыйынына "Айрым категориядагы кызмат адамдарына Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары активдерге ээ болууга тыюу салуу жөнүндө" мыйзам долбоору 2-окуудан алынып чыкты.

Демилгечи, КСДП фракциясынан депутат Исмаил Исаковдун айтымында, сунушталып жаткан мыйзам долбоору саясий жана мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген кызмат адамдарына Кыргызстандан тышкары жайгашкан чет өлкөлүк банктарда эсептерди ачууга жана ээ болууга, акча каражаттарын сактоого, чет мамлекетин аймагында кыймылсыз менчик мүлккө ээ болуу укугуна тыюу салынат.

Ошону менен катар саясий кызмат адамдарынын качып кетүүсүнө мүмкүнчүлүк түзбөөгө, башка мамлекетке көз каранды болбоого, оффшордук аймактарга каражаттарды мыйзамсыз чыгарып кетүүгө бөгөт коюуга багытталган.

"Ар-Намыс" фракциясынан депутат Дастан Бекешевдин айтымында, Баш мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты ишкерлик менен алектенбеши керек. Бирок учурда парламенттин депутаттардын жарымынан көбүнүн бизнеси бар.

"Алар бизнестерин башка бирөөгө каттатып коюп, парламентте өз кызыкчылыктарын ишке ашырып жатышат. Жалпы жонунан мыйзам долбоорун колдойм. Бирок маселе анын иштеп кетүүсүндө",- деди депутат.

Кесиптешинин мындай пикирин КСДП фракциясынан депутат Данияр Тербишалиев дагы колдоого алды.

"Учурда чиновниктердин көптөрүнүн чет мамлекеттерде активдери бар. Бирок аны көзөмөлдөөгө мүмкүн болбой келет. Биз Кыргызстанда активдери бар депутаттар боюнча конкреттүү чара көрө албай жатабыз, анан чет мамлекеттеги активдер жөнүндө сөз кылбай деле койсок болот",- деди депутат.

Жыйынтыгында Айрым категориядагы кызмат адамдарына Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары активдерге ээ болууга тыюу салуу жөнүндө" мыйзам долбоору 2-окуудан добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...