Акыркы макалалар

Аймактарда жашылдандыруу иштерин жүргүзүүдө адистердин кеп-кеңеши зарыл

Бүгүн, 15-январда Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” саатында депутат Роза Акназарова ар жыл сайын республика аймагындагы жашылдандыруу иштерине байкоо салып келе жатканын билдирди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Анда ар бир айыл өкмөтү жылына орто эсеп менен 3000ден ашуун көчөт отургузаары белгилүү болгон. Бирок, өнүп кеткендери аз. Буга көчөт отургузуунун эрежелери, жер шартына жараша иш алып баруу сындуу маселелер боюнча адистердин кеп-кеңештеринин жоктугу себеп болууда.

“Андыктан, телеканалдар аркылуубу же башка маалымат каражаттары аркылуубу, элге кеп-кеңеш берилип турса”,- дейт депутат.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...