Акыркы макалалар

Элдин көзүнө чаӊ сапырган саясат же: мамлекетибизди келечеги менен кошо жугундуга агызган коррупционерлер

Элдин көзүнө чаӊ сапырган саясат  же: мамлекетибизди келечеги менен кошо жугундуга агызган коррупционерлер

Бийликтин антикоррупциялык күрөшү - бул миф

Бийликтин акыркы мезгилде «өтө активдүү» жүргүзүп жаткан антикоррупциялык репрессиясы, XXкылымдын башындагы большевиктердин буржуазиялык элементтерди жок кылууга багытталган кампаниясынын элесиндей мисал жаратканга аракет кылып жатканы, албетте түшүнгөн азчылыктын күлкүсүн келтирет. Ал эми түшүнбөгөн көпчүлүктүн орто деӊгээлине бийликтин бул иши жогоруда келтирилген мисалдай элес калтырса, калган кайдыгерлерге баары бир. Баары бир деӊгээлине жеткендер демек, согуш талаасында душманга каршылык көрсөтпөстөн колго өз эрки менен түшүп бергенге барабар дегенди түшүндүрөт.

Азыр бизде коррупция жаӊы эволюциялык өнүгүү деӊгээлине чыга баштады, башкача айтканда, коррупция буга чейинки урдум-соктум жапайы абалынан өтө кылдат маданиятка, элиталык деӊгээлди көздөй трансформациялык процесске өттү. Биз билген жана айрым батыш сүйүүчүлөрүнө кудайындай болуп калган батыш Европа менен АКШ дал ушундай жогоруда айтылган коррупциянын экинчи,а балким үчүнчү формациясында «бакубат» жашап келет. Кыргызстан дагы демократиялуу мамлекет катары өнүгүүнүнбул жолун кыя басып өтүп кете албайт, себеби анын мамлекттүүлүгүнүн матрицасында коррупциялык табият кошо басылган. Бул системалык көрүнүш, мындай болбой коюуга мүмкүн эмес эле, бул жөн гана системалык мыйзам ченемдүүлүк болуп саналат. Мындан улам төмөндөгү ой корумга келсек болот: Коррупция - бул азыркы мамлекеттик системанын бир аты, башкача айтканда анын түпкү мазмуну. Ошондуктан бийлик ар дайым азыркы мамлекеттик системанын коркунучтуу табиятын ага каршы күрөшкөн саясаты менен калыӊ элден жашырып келет. Коррупцияны жеӊүү мүмкүн эмес, себеби ал илдет дагы, адат дагы эмес. Түшүнүктүүрөк болуш үчүн бул айтылганды, шарттуу түрдө адамдын ички напсиси менен салыштырсак болот. Демек,бийликтин антикоррупциялык күрөшү - бул миф.

Биздин муун, тактап айтканда менин курагымдагы жаштар эс тарткандан баштап мамлекеттик бийликтин коррупция менен күрөшүп эле убара болуп жатканын көрүп келебиз. Жыйынтык болсо нѳл. Сыртка миллиарддаган долларлар чыгып кетти, азыр деле биздин келечегибизкөз алдыбызда аеосуз уурдалып, тонолуп жатат. Биздин уктап жаткан улуу муундардан болсо, «Келечегиӊди оффшор зоналарынан изде» дегенден бөлөк жаштарга айта турган мурас сөзү деле калбай бараткандай көрүнөт. Коррупционерлер биздин мамлекетибизди келечеги менен кошо жугундуга агызышты.Ушунчалык намысты тебелеген заман дегеле тарыхта болбосо керек. Эӊ күйдүргөнү - өзүбүздүн колубуздан өзүбүз талкаланып жатканында болуп жатат. Информациялык согуш болсо элдин аӊ-сезимин талкалап, күрөшкө болгон эркин басып, акылын мокотуп салды. Көпчүлүк азыр кайдыгер. Билимдүүмүн деген жаштар деле реалдуу чындыкты чолок акылынан алыс көрө албайт жатат. Саясый бийликти боштондукка карай алып чыга турган курал катары эмес, бийлик-мансапка жетүүнүн гана куралы деп билишет. Моралдык-психологиялык деӊгээли төмөн, салттык тарбияны көрбөгөн адам, мамлекеттин башкаруу системасында потенциалдуу коррупционер болуп саналат. Бул системада аппак кардай таза деп саналган адам эч нерсени өзгөртө албайт, эгер ошондой адам бийликке келе турган болсо, айла жоктон бардыгын ичине каткан унчукпас балыкка же эч нерсени түшүнбөгөн же түшүнгүсү келбеген киши катары коррупциялык схеманын бир деталдык функциясын аткарып жүрө берет. Андайлар, кокустан укук коргоо органдары тарабынан коррупциялык схема аныкталып чыга турган болсо, дароо курмандыкка чалынат дагы, бардык жоопкерчилик анын мойнуна артылат. Же болбосо биз билгендей (мурунку бийликтин мисалында), жогорку бийликтин деӊгээлиндеги коррупцияны ашкерелеп чыгарганга моралдык күчү жете турган адам жөн гана физикалык жактан жок кылынат. Ушул логикадан улам, азыркы мамлекеттик башкаруу системасына реалдуу түрдө бардык критерийлер боюнча жетиштүү деӊгээлдеги күчтүү адамдар бийликке барбайт. Себеби, баруунун мааниси жок. Корккондуктан эмес, болгону жалгыз дарак тал болбойт. Ошондуктан бийликке негизинен кара башын жеген куулар, акылы тайкы акмактар умтулушуп, ага эл алдында эч бир сый-урматка татыбагандар, дегеле эл мурун көрүп-билбеген, кылган эмгегибарксыз адамдар мамлекеттик кызматка келип жатышат. Мындан улам, кадр саясаты коррупцияны жок кылууда эч кандай майнаптуу ролду ойнобойт деп ишенимдүү айтсак болот.

Кыргыз Республикасы – демократиялык башкаруудагы бир чоң базар

Азыркы биз жашап жаткан Кыргыз Республикасы деген эмне?Бул демократиялык башкаруу системасында жашап келе жаткан бир чоӊ базар. Бардыгын сатып, бардыгын сатып алууга болот. Бизнестин түрүнөн баш адашат. Жадагалса коррупциялык бизнеске чейин иш кылсаӊ болот. Бизнестин бул түрү абдан чоӊ мүмкүнчүлүктөрдү тартуулайт, жер сатуудан баштап элди сатканга чейин барууга жол ачылат. Бирок ал үчүн колдо мамлекеттик кызмат, бийлик болушу керек. Демек,бул жерден элди колдонууга туура келет. Шайлоо системасы бийликке келүүнүн эӊ оӊой жана жалгыз жолу. Дүйнөлүк практикада добуш сатылбаган шайлоо өткөн эмес, шайлоонун өзү добуштардын сатылып, сатып алышын уюштурган базар болуп саналат. Эл өзү шайлоо аркылуу өзүн тоноого уруксат бербесе, мамлекеттин атынан уурулук ишин кыла албайсыӊ. Ошентип, ушундай жол менен кайран Каркыра, Үзөӊгү-Кууш, Кумтөр, далай кен-байлыктар, аны менен абийир-намыс кошо кете берди. Кийин бул жерлердин сатылып кеткен тарыхын окуган балдарыӊар: «Ата-апа, силер ошол мезгилде эмне кылып жүрдүӊөр эле?» деген ачуу суроосуна жообуӊар даяр болсо болду. Албетте, «балам, мен анда чартаӊбай тээп», же «добуш сатып», же «манты жеп отургам» деп айтпайсыӊар да (чындыгында ошондой болгон күндө дагы). Демек ушу күндөн баштап татыктуу жообуӊарды камдай жүргүлө! Темирди ысыгында басууга дагы убакыт бар.

Азыркы бийлик эмне кылып жатат? Тоталдык түрдө коррупцияга малынып болбой калган системаны тазалайбыз деген аракеттин үстүндө улам-улам ММК аркылуу бирин-экин майда чабактардын колго түшкөнүн жарыялап, катуу иштеп жаткандыгынын мисалын көргөзүүдө. Ошол жаӊылыктарды аздыр-көптүр кулагына илип калган айылдын жөнөкөй жашоочусунан сурап көрүӊүздөр, бийлик коррупцияга каршы кандай күрөшүп жаткандыгын,эмне деп жооп берер экен. Мен өзүм учураган мисалыман айтайын, бул суроого айылдык тургун мындай дейт: «Иши кылып, утур-утур эле бирөө акча менен кармалды дейт, айтор маани деле берген жокмун ай, ким билет эми, кармалгандар кайра эле чыгып жатышса керек, ии баса, баягыда жанагы Түлеев беле Нариман эмне болуптур, анан жанагы өзбекби же тажик беле министр, ал кармалганын дагы көрдүк эле» деп туруп: «Ай жанагы баланчанын түкүнчөсү биздеги айыл өкмөтчү, барго, ой бир деле айылга жакшылыгы тийбей койду, алкымы тыйылбаган неме экен» дейт дагы: «Эк, иши кылып мага баары бир, турмушум кылдырап өтө берсе болду, мамлекет качан эле бизге жардам берип коюптур» деген ой менен сөзүн бүтүрөт. Балким мен орой мисал келтирдим, бирок, жалпы тенденция ушул ойдун мазмунундагыдай. Демек, кандай жыйынтык чыгарса болот? 1) Элдин баягыдай эле ишеними жок мамлекетке дагы, келечекке дагы, өзүнүн күчүнө дагы; 2) элге тереӊинен баары бир болуп баратат, акыл-эсти кайдыгерлик тереӊ басты.

Эл аягына чыгаралбай калган ачык күрөш

Чыныгы антикоррупциялык күрөш ар бир адамдын жеке жоопкерчилигин ойготуудан башталат. Кыргызстандагы коррупцияга ар бирибиз жооптубуз, себеби биз убагында кайдыгерлик кылганбыз, өзүбүз ошого жол берип, көз жумуп койгонбуз. Жогорудагы мисалдагыдай, кенедей айыл өкмөтүнүн коррупциялык ишине айыл эли өзү чекит коё албагандан кийин, депутат, министрлерди тыймак кайдан. Элдин ушундай деӊгээлдеги аӊ-сезими менен жогорку бийликти контролго алуу дегеле ишке ашпаган маселе. Ошол эле айылдын тургуну айыл өкмөтүнө барып пара берип, акырын жеӊ ичинен жеке менчикке жер бөлдүрүп алат. Бул мисалды күнүмдүк турмуштан алсаӊар, бүт жерден, бала бакчадан баштап, жогорку окуу жайга чейин айдан ачык көрө аласыӊар, себеби, ар бирибиз аны өз мисалыбыздан улам билебиз. Коррупцияны азыктандырып, аны ким семиртип жатканын күнүгө эсиӊиздерден чыгарбаӊыздар!

Кайсыл мамлекетте коррупцияга каршы күрөш ачык майданга чыгып чоӊ саясый шоуну жаратып баштаса, демек, ал мамлекеттик бийлик олуттуу кыйынчылыка дуушар болууда дегенди билдирет. Башкача айтканда, бийлик эл астында өзүнүн «күчүн» жана«пайдалуулугун» көргөзүү максатында коррупцияга каршы күрөшүү менен өзүнүн кийинки шайлоого чейин реабилитацияланышын уюштурат. Бул бийликтин өзүн-өзү сактоонун инстинкти. Ар дайым мамлекеттик бийлик элдин акылын адаштырып, көзүнө чаӊ сапырып турат, убакыт өткөн сайын элдин аӊ-сезимин манипуляциялоо кылдат иштелип чыккан технологиялар аркылуу башкарылат. Бирок Кыргызстандын мисалындагы манипуляция негизинен дүйнөлүк глобалдык процесс менен келип жаткан информациялык «масс-маданият» аркылуу жүрүп турат. Батыш цивилизациясынын диверсант баалуулуктары (М.: демократия, рынок) ишенчээк элдин аӊ-сезимин оӊой эле оккупацияга алып койгон. Мындайча айтканда, мамлекетибизди басып алып коюшкан. Буга, акылында адашканбиздин бийлик өз кучагын жайып тосуп алып жол бергенин жакшы билебиз. Ушундай кырдаал бизди бүгүн өтө татаал, оор абалга алып келди, бир нерсени түшүндүрүү абдан чоӊ кыйынчылыктар менен коштолот. Азыр элдин жүрөгүнө жетиш үчүн акылындагы жалганчылыктын шаблондорун күбүп туруп, реалдуу көрүнүштү көргөзүп бермейин жол жок. Эл алданганын билет, абалдын өтө эле начар экенин дагы сезип турат, бирок реалдуу чыныгы көрүнүштү көрө албай келет, күрөшкө карай ички эркин кандайча уюштураарын билбей жатат. Эки жолу стихиялуу жарылуу болду, бирок ички даярдыксыз, согуш талаасындагы биринчи тилкедеги аскердей душмандын коргонуусун жарып өттү дагы, андан ары башкаруу жок эмне кыларын билбей токтоп калгандай болду. Бул - элдин коррупциялык системага каршы аягына чыкпай калган ачык күрөшү эле.

Коррупцияны жеӊүү -бул мамлекеттик системаны жок кылуу

Коррупцияны жок кылууга мүмкүн. Коррупциянын табиятын түшүнүү менен анын жүрүшүн, ички мыйзамдарын, түзүлүшүн билүү аркылуу гана аны кандайча жок кыларын билсе болот. Бул, кудум душмандын аскериндей. Идеалдуу толук жеӊиш душмандын аскерин кырып салуу менен келбейт. Абсолюттуу жеӊишти алыш үчүн душмандын ичине кирип, аскерлерди жаратып жаткан идеологиялык базаны талкалаш керек болот. Борбордук башкаруучу аппарат кандай руханий-моралдык негизге отурганын жана алардын ички мотивациясын жаратып жаткан өзөк-булакты көрбөй туруп, душманды толук түрдө жеӊүү мүмкүн эмес.Баалуулуктардын мейкининде согуш болмоюн идеялык күрөш жаралбайт.

Кыргыз мамлекетинин бүгүн коррупциялык базасын эмне түзүп турат деген суроонун тегерегинде эми ой жүгүртүп көрсөк. Ойдун жипчесин үзбөй чубаган адам дароо системалык түзүлүштө экенин түшүнөт. Туура, башта белгилеп өткөндөй, коррупциянын пайда болушуна азыркы мамлекеттик система өзүнүн бар турушу менен ыӊгайлуу база болуп берип жатат. Кандайча болуп жатканы саясый процесстерди эле гана эмес, бүгүнкү жашоону да анализ кылган адам үчүн ачык көрүнөт. Себеби демократиялык башкаруу формасында эл өзүнүн саясый эркин добуш берүү менен гана түздөн-түз көргөзө алат эмеспи. Ал эми шайлоо эмне экени жогоруда белгиленди. Демократиялык системада, айталы эл сыйлаган баатыр менен элдин канын ичип жаткан коррупционердин укугу теӊдеп саналат, шайлоодо экөө бир-бирден добуш берүү менен теӊелет. Информациялык технологиянын заманында элдин алдында масты соо кылып, акмакты оӊ кылып көргөзүп коюш кыйынчылык туудурбайт. Мындай маселелерди акча чечет, акча эӊ башкы баалуулук болуп саналат. Рынок шартында акча башкы капитал, байлык акча менен ченелет. Демек, базар экономикасында акчанын күчү - сенин келечегиӊ, ал эми демократия - сенин ошол күчүӊдү ишке ашыруудагы мыйзамдуу жол болуп саналат. Жалпысынан айтканда, капитализм адаттагы карапайым элди киреше, жеке кызыкчылык, байлык-бийлик, акчанын артынан болгон конкуренциялык жарышка салып койгон. Мотивация бар, канчалык байыган сайын ошончолук бийликке ээ болосуӊ же тескерисинче. Көп узартпай бир сөз менен айтканда, коррупция - бул демократиянын белгиси жана рынок мамилесинин кесепети. Албетте коррупцияны жок кылууга болот, бирок азыркы мамлекеттик системада эмес. Система өзүн-өзү жок кылууга бара албайт. Ошондуктан коррупцияны жеӊиш үчүн азыркы мамлекеттик системаны коррупциясы менен кошо жок кылыш керек. Идеялык күрөш деген ошол, сен мамлекеттик коррупциялык система менен кошо өзүӊдүн аӊ-сезимиӊди, жашоо образыӊды, туткан баалуулуктарыӊды жок кыласыӊ. Форматталган жаӊы мейкиндикке гана таза жана жаӊы система жаратууга болот. Ар бирибиздин мээбизде жеке ички руханий революция болууга тийиш, 5 % критикалык топ даяр болсо,эл дагы идеялык күрөшкө даяр.

Тилекке каршы, бийлик системалык түп өзгөрүүнүн себепчиси жана жетекчиси болуп бере албайт. Мейли, азыркы бийликтин чындап эле коррупцияга каршы күрөшү чын дилден болуп жатат деген күндө дагы, көпчүлүгүӊүздөрдүн оюӊуздарда «коррупция менен күрөшүүдө бийлик канчалык убакытка чейин узак барат, колунан келеби?» деген суроо бүдөмүк ишенбестикти пайда кылары бышык.

Чынында, маселе бийликтин канчалык убакыт узак барышында эмес, маселе бийлик коррупция менен күрөшүүдө канчалык курмандыкка бара алат. Коррупцияны жок кылууга канчалык тереӊдик жана туӊгуюк керек болсо, ошончолукка чейин барганга бийликтин күчү жана ишеними жетеби? Жана жеке ар бириӊиздердин өзгөрүүгө эркиӊиздер жетеби? Маселе ушунда...

Айбек БАЙЫМБЕТОВ, мекенчил жаштардын ѳкүлү

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...