Акыркы макалалар

Депутат Нурлан Төрөбековдун маселеси эртең парламентте каралат

"Ар-Намыс" фракциясынан депутат Нурлан Төрөбековго козголгон кылмыш ишинин мыйзамдуулугун иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы эртең парламентте каралат. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда парламенттин жалпы жыйынында маалым болду.

Эскерте кетсек, 9-октябрда парламенттин жалпы жыйынында Башкы прокурор Аида Салянова "Ар-Намыс" фракциясынан депутат Нурлан Төрөбековди кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн сунуштама берген.

Анын айтымында, 2014-жылдын 24-сентябрында "Ар-Намыс" фракциясынан депутат Нурлан Төрөбековго Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жазык кодексинин 166-беренесинин ("Алдамчылык") жана 350-берененин 5 бөлүмүнө ("Кызмат абалынан пайдаланып жасалма документ колдонгон") ылайык кылмыш иши козголгон.

"Тергөөнүн жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Төрөбеков чин алуу үчүн жогорку билим талап кылынаарын билип туруп, 2011-жылдын 23- июлунда 3-класстагы мамлекеттик чин алуу үчүн Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин бүтүргөн деген жасалма дипломду пайдаланган. Ал документтерди чин алуу үчүн Жогорку Кеңештин аппаратына тапшырып, 2011-жылы анын документи класстык чин алуу үчүн президенттин аппаратына жөнөтүлгөн. 2013-жылдын 6- декабрында ага "Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси" деген чиндик наам берилген. 2014-жылдын 31-августунда ага 15 миң сом өлчөмүндө үстөк пул төлөнүп берилген.

Башкы прокуратура депутаттын же башка кишинин атына андай диплом берилбегенин айтат. Дипломдорду берүү боюнча каттоо китепчесинде Төрөбековдун атына берилди деген диплом катталган эмес. Ушул эле каттоо номери менен Улуттук университеттин Кыргыз-Европа факультетинин эл аралык билим берүү программаларынын интеграциясы институтунун бүтүрүүчүсүнө диплом берилген.

"1990-жылы Нурлан Төрөбеков Роман-германдык факультетинин биринчи курсуна окууга кирип, бирок 2-курстан ал окуудан чыгарылган. Кийин окуусун жандандырып, тыштан окуу бөлүмүнө которулган. Бирок академиялык карыздары үчүн ал 5- курстан окууда чыгарылган", - деп маалымдаган Салянова.

Жыйындын жүрүшүндө, Нурлан Төрөбековго козголгон кылмыш ишинин мыйзамдуулугун иликтөө боюнча курамына ар бир фракциядан бирден депутат кирген депутаттык комиссия түзүлгөн.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...