Акыркы макалалар

Р.Абдыкадыровдун туулган күнүнө арналган эскерүү кечеси өттү

12-январда Т.Сатылганов атындагы улуттук филармониянын чоң залында залкар обончу Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнүнө арналган эскерүү кечеси болуп өттү.

Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Иш-чара КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан, «Кара-Кулжа» республикалык коомдук фонду жана Т.Сатылганов атындагы улуттук филармония менен биргеликте уюштурулду.

Эскерүү кечесине КР Маданият, маалымат жана туризм министри А.Максутов, Жогорку Кеңештин вице-спикери Бөдөш Мамырова, Жогорку Кеңештин депутаты, «Кара-Кулжа» республикалык коомдук фондунун президенти Курмантай Абдиев, Кыргыз Эл артисти Түгөлбай Казаков жана улуу инсандын замандаштары, туугандары катышты.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...