Акыркы макалалар

Көргөнсүңбү, помидорду бакта өскөн?

Көргөнсүңбү, помидорду бакта өскөн?

“Калоосу жарашса – кар күйөт...” (Элдик макал)

“Чымчыкты сойсо да, касапчы сойсун”

Мунавар эженин кычыраган кышта, декабрь айында бакта балбаалап өсүп турган кыпкызыл помидорлорун элестетип да, элестете да албай, шашып бараттык. Айткандай эле, целлофан менен чатырланган теплицага киргенде эле көзгө бакта бышып, кыпкызыл болуп өсүп турган помидорлор чалдыкты. Бир карасаң чиеге (албетте, андан чоң), бир карасаң помидорго окшогон, окшобогон дагы мөмөнүн эмне экенин сурадык.

– Бул – «Помидор дарак» деп аталат, – деди Мунавар эже. – Көп жылдык өсүмдүктөрдүн катарына кирет, жашоосу он эки жылга чейин созулат. Жакшы жери, жайы-кышы дебей ушинтип өсө берет…

– Мындай бакты биринчи көрүшүбүз, кайдан таап өстүргөнсүз?

– Адегенде интернеттен окуп, аябай кызыгып калгам. Анан, уругун Ленинграддан алдырып отургуздум эле, адегенде 96 түп чыккан болчу. Элге таратып бердим, – дейт. Бирок, Мунавар эженин айтымында, помидор даракты өстүрүп, багып алгандар да, асырай албай өлтүрүп алгандар да болуптур. Анткени, ар бир өсүмдүккө да баладай кылып, аяр мамиле кылуу керек экенин айтат Мунавар эже. Өзү болсо, мына бул теплицаны кар-моону, андагы ар кыл мөмө-жемиштерди асыроону АРИС уюштурган окуулардан окуп, өздөштүрүп алыптыр:

– Кээде: «Э, койчу! Ошонун да окуусу барбы?! Андан эмнени жыргатмак элек?!» – деп көп нерсеге маани бербейт экенбиз. А чыны менен эле ар бир нерсенин өзүнүн «окуусу» болот э

кен. «Чымчыкты сойсо да касапчы сойсун» дегендей, аны да өздөштүрүп, окуп-үйрөнүп алып, ошого жараша мамиле кылсаң үзүрүн берет экен, – дейт ал. Ал гана эмес, суу¬ну да өсүмдүктөргө төгүп-чачып, какатып-чакатып бербей, тамчылатуу жолу менен сугарышарын Мунавар эженин жолдошу Каримжан Ахатов аке кеп кылды. Алардын айтымында, өсүмдүктү отургузуп койсо эле өсүп чыга бербейт. Ал үчүн анын да, жердин да тилин таап, ага да аяр мамиле кылуу керек экен…

– Теплицаны иштетүүдөн мурун, жерди кантип кароо керектиги тууралуу атайын агрономдон кеңеш алдык. Жердин үстүңкү катмарын бир метрге чейин казып алып, сыртка чыгарып таштап, он сантиметрге чейин малдын кыгын салдык. Андан кийин саман, чөп-чардын калдыгын төшөдүк. Анын үстүнө каналдын кумун алып келип төктүк. Тандырдын күлүн, чириндилерди салдык. Алардын баарынан кийин гана эки машине кара топурак алып келип төктүк, – дейт.

Мунавар эже теплицаны ачкан бир жыл ичинде укроб, кинза, салат жалбырактары сыяктуу, ж.б. ашканада колдонулуучу чөп-чардан жыл бою эле айлантып, түшүм алып келатканын айтты. Атүгүл, жазда мөмө берүүчү бактардын 50 миң көчөтүн сатып, андан түшкөн каражатка биз жогоруда сөз кылган помидор-дарактын уругун алыптыр.

Мунавар – өзбек кызы, кыргыз келини

Мунавар эже мындай багбанчылыкты өздөштүргөнүнө аз эле убакыт болгонун, деги эле АРИС өзү сыяктуу канчалаган адамдардын «көзүн ачканын» кеп кылып, ушул агенттикке, көп ичинен сууруп чыгып дем берген, анын Гүлнара Жумаева сыяктуу адистерине ыраазы экенин билдирет. Анткени, айылдыктарды бир эле өзү менен эмес, башка да долбоорлор менен иштөөгө да үйрөткөнү АРИСтин дагы бир артыкчылыгы экен. Мисалы, жогоруда сөз кылган теплицаны ачууда дагы Мунавар Мойдинова ПРООНго долбоор жазып, 92 миң сом грант утуп алган да, калган акчасын өзү таап, теплицаны курган. Тактап айтканда, аны жылытуу системасы, жерин иштетүү, уруктарды, көчөттөрдү алуу сыяктуу алгачкы жумуштар үчүн жалпы жонунан 387 миң сомго чейин каражат жумшалган.

Адегенде өзбек кызы, кыргыздын келини Мунавар эжени айылдыктар эмчи айым катары гана билишсе, Сарай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардын элинин баары ага эми иштерман катары ызаат менен карашат. Жашы ортолоп калганына карабай, жашоого жаңыча изденүү менен караган эже. “Адегенде компьютерди да билчү эмес, азыр болсо, интернет аркылуу жаңы долбоорлорду издеп, айылды өнүктүрүүгө арналган ар кандай окууларга катышып, кайра аны элге үйрөтүп келет. Ушул жылы эле ПРООН¬го долбоор жазып, алган грантына өзү да каражат кошуп теплица иштетип жатат», – дейт райондук эксперт Гүлнара Жумаева. Анын айтымында, Мунавар айым ушуну менен гана чектелип калбай, учурда ЮСАИД менен да алакалашып, 667 миң 880 сомго жер-жемиш сорттой турган аппарат алган экен. Мындан сырткары АРИС уюштурган «Көп сүт берүүчү эчкилерди өнүктүрүү» аттуу окууга барып жүрүп, так ушундай тукумдагы беш эчки сатып алган экен.

– Чынымды айтсам, долбоорлор менен чуркап жүрүп, буларга өздөрүнө жараша мамиле кыла албай келдим. Ошондо дагы бир эчкиден бир күндө үч жарым литрге чейин сүт алып, литрин элүү сомдон сатып жаттык, – дешет жубайлар.

Эл менен болгула, тил үйрөнгүлө

Мунавар эженин өз кесиби – эмчи айым экен. Кара-Суу райондук ооруканасында иштеп жүрүп, 2003-жылы өз алдынча «Мунавар» аттуу өкмөттүк эмес уюм ачыптыр.

– Элге кандайдыр кайрымдуулук жасагым келген. Анткени, ошол убактарда эл абдан мүңкүрөп кеткен. Өз укуктарын билбеген, ошонун кесепетинен ЗАГСтары жок, балдарынын метиркалары жок, эч кандай жеңилдиктери да, жумуштары да жок, жакырчылыкта жашаган үй-бүлөлөр көбөйүп кеткен. Биздин фонд ошолорго жардам берип, документ алганга жардам берүүнү чечип, бир топ адамдардын батасын алганбыз.

Ошондой күндөрдүн биринде АРИС келип калды. Айыл өкмөтү чакырып, чогулушка чогултуп жаткан экен, мен да барып калдым. Ошол жыйындардын биринде эле эл мени ЖИКтин төрайымы кылып көрсөтүп коюшту, – дейт Мунавар эже. Анын эскерүүсү боюнча, биринчи жылы АРИС менен иштешүүнү каалаган, ага ишенген адамдар абдан аз болуптур. Бирок, бир жыл ичинде АРИСке долбоор жазып, Тельман айылындагы жаңы көчөлөргө электр зымдарды орнотушат. Ал эми анын трансформаторун айыл өкмөтү каржылап берет. Ошондой эле эзели таза суу ичпеген эки көчөгө суу түтүктөрүн орнотушат. Адегенде келеке кылып: «Ооба, ылдыйдан жогоруну карай эле суу агып берет дейт!» – деген адамдар кийин ыраазы болуп, ошол суудан агарып-көгөрүп жатканын айтышат. Атүгүл, бир жолку окуя али күнчө көкүрөгүндө турганын Мунавар эже кеп кылат:

– Ошол суу түтүктөрүн орнотуп жаткан кезибиз эле. Түтүктөрдүн кошулуп, суу бөлүштүрчү жерлерин өзүнчө казып, үстүн темир капкак менен жапмакпыз. Бир убакта карасак эле, ошол кудуктарыбызды кимдир бирөө суу менен толтуруп салыптыр! Ары жактан арыктын суусун буруп койгон экен… Ошондо бир асман-жерим аңтарылып кетпедиби! Абышкам кудуктун ичине – сууга көкүрөгүнө чейин кечип туруп алып, чакалап алып берип жатат, мен болсом шымаланып алып төгүп жатам… «Бир карын майды бир кумалак чиритет» дегендей, элдин ичинен да кээде бир-эки ушундай адамдар чыгат экен…

Адегенде мындай карасанатайлыктардын болушун Мунавар эже кээде өзүнүн өзбек кызы экендигине да жоруган учурлары болуптур:

– «Кыргыз башчы калбай калгансып…» – дегендер болуп жатты окшойт. Бирок, мен деген кыргызстандыкмын да, ушул жердин кызымын, кыргыздын келинимин да! Анын үстүнө атам: «Мен деген эл менен эл болушум керек, тил үйрөнгүлө!» – деп союз маалында эле баарыбызды (алты кыз, үч уулун) кыргыз мектептен окуткан. Күйөө балдарынын да үчөө кыргыз, өзбек. Мен атүгүл кыргыз тилинде ыр жазчумун. Төрайым болгон кезде бир жагынан элди жыйналышка чакырып, долбоорду ишке ашырууга үндөп, ар кандай мамилеге туш болуп кыйналган кездерде да жазган ырларым бар эле, азыр эсимден чыгып жатат… Бирок, элден айланса болот. Он сегиз миң эки жүздөй калкы бар айылга мени ЖИКтин төарайымы кылып, ишенгендерине ыраазымын. Мен да элдин ошол ишенимин актадым деп ойлойм…

Көрүп калып эле катуу сүйдүм

Бирок, жолдошу экөөнүн ортосунда илгертен эле эч кандай кыргызсың, өзбексиң деген түшүнүк болбогонун айтат. Каримжан аке да:

– Мен жигит кезде аны капысынан көрүп калып, абдан катуу сүйүүгө кабылгам. Артынан калбай чуркап жүрүп жеткем акыры, – дейт.

– Мен анда эмчи айым болуп иштеп, жыйырма бештерге келип калган убагым болчу. Жолдошум да электрик болуп иштеп жүрүптүр. Күнүгө гүл көтөрүп келер эле. «Мен өзбек кызы болсом, туугандарың эмне дейт?» – десем: «Паспортуңдагы «өзбек» деген жерге асел шыбап коёбуз, анан аны кумурскалар жеп коёт. Ордуна «кыргыз» деп жазып алабыз», – деп жатпайбы. Мен чындап эле ишенгем адегенде. Анткен менен кайненем жакшы адам болчу, жакшы кабыл алды. Алгач аларга кайсы тилде сүйлөрүмдү билбей кыйналчумун. Бара-бара эки тилде тең сүйлөшө бере турган болдук. Апабыз кийин сегиз жыл төшөктө жатып калды. Өз энемдей кылып, мончого көтөртүп барып жуунтуп-тарантып, сылап-сыйпап бактым. Ыраазычылыгын берип кетти апам…

Ал эми Мунавар эженин ата-энеси болсо, кызын жыйырма бешке чыккычакты башкалардай болуп күйөөгө берүүгө ашыкпаптыр. Себеби, ата кыздарын өз эркине койчу экен. «Өз теңин өзү тапсын» дечү экен. Ошондуктан кыргыз күйөө баласын ызааттап эле кабыл алганын айтат.

* * *

Айтор, Кара-Суу районунун Арай айыл өкмөтүнө караштуу айылдарда төрт жыл аралыгында 28 чакан долбоор ишке ашырылып, жалпы жонунан буларга 15 миллион 435 миң сомго жакын каражат жумшалган. Анын 12 миллионго жакынын АРИСтен грант катары бөлүнгөн. Андан сырткары Киров айылындагы беш жаңы көчөгө газ коюлган. Ушул эле айылдын жаңы көчөлөрүнө электр зымдары тартылган. Мындан сырткары жолдор оңдолуп, мектептер менен бала бакчалардын, китепканалардын ремонттоо иштери бүткөрүлүп, эмеректер ж.б. керектүү ар кандай жабдыктар алынган.

***

– Мен башта автобазада бухгалтер болуп иштечүмүн. Эми ойлосом, жарыбаган акча менен канча убактым текке кеткен экен. Азыр жакшы. Мен заказ алып, бычып, тигем, Чынара Дауранова деген келин кабыйт, өзүмдүн 78деги апам – Жумагүл Чаканова жер төшөктүн четтерин тигип берет. Бирок, албетте, ага да кадимкидей 300 метрине 450 сомдон төлөп турам, – дейт Шахзада аттуу эже. Учурда ага Түркиядан, Бишкектен, жакынкы райондордон да заказ келип, бир мүнөт эс алууга убактысы жок экенин жана АРИСке, анын адистерине ыраазы экенин, бир сезондо 100 миң сом киреше тапкандыгын айтты. Айтмакчы, жаңы көчөлөрдү газдаштыруу долбоорун Мунавар эженин колдоосунда жазган дагы ушул Шахзада айым экен. Айтор, ушул үч айымдын катышуусунда айылдыктар үчүн абдан зарыл деп эсептелген дол- боорлор ишке ашырылган.

Бакта өскөн, болгондо дагы жайы-кышы дебей эле кызарып быша берген помидорду кычыраган кышта Мунавар эженин короосунан көрдүк да, чыны менен эле таң калганыбызды жашыра албай аңкайдык. Мунавар эже өзү ушул жаздан бери эле мындан 700 кил кышкы салат жаап, туздап, ашып калганын кошуна-колоңдорго, тууган-урукка таратып, андан артканын азыркы убакка чейин эле базарга алып чыгып сатып, үзүрүн көрүп жаткан кези экен... Мына ушул жабылган салаттары менен Ош шаарында өткөн жарманкеге катышып, андан сапаттуу продукциясы үчүн сертификатка ээ болуптур. Атүгүл, өздөрү үй шартында өстүргөн мөмө-жемиштен жасалып, консерваланган продукцияны сатуу үчүн атайын дүкөн да ачып алганын айтышты.

Жыпара ИСАБАЕВА, «Кыргыз Туусу»

Түп нускага шилтеме : kyrgyztuusu.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...