Акыркы макалалар

Телеканалдар санариптик берүүгө бөлүнгөн акчаны толук иштетишкен эмес

КРде санариптик теле берүүнү өнүктүрүү боюнча бюджетте каралган 100 млн сом толугу менен бөлүндү. Бул тууралуу кечээ, 12-январда болгон брифингде Каржы министри Ольга Лаврова билдирди.

Каржы министри дагы кошумча 100 млн сом бөлүүгө мүмкүндүк пайда болгонун айтты. Бирок телекомпаниялар өткөн жылдын соңуна чейин бөлүнгөн каражаттарды толук иштетүүгө үлгүрүшкөн эмес. Областтык телекомпаниялардын эсебинде калган калдык сумма 30 млн сомду түзөт.

"КТРКга 19 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн, "ЭлТР" менен "Мир" телеканалдарына 6,43 млн сом берилген",-деп маалымдады министр.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...