Акыркы макалалар

Оторбаев: Кыштын кыйын болорун элге айтып туура чечим кылганбыз

Кечээ, 12-январда Кыргызстандын өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаевди кабыл алды. Жолугушууда өткөн жылдагы аткарылган иштер жана үстүбүздөгү жылда пландалган максаттар талкууланды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалымат менен камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Өкмөт башчы министрдиктин ишин канааттандырарлык деп баалады жана 2014-жылдагы суу аз болгон циклге коомчулуктун көңүлүн бурдуруу туура кабыл алынган чечим болгонун айтты.

"Коомчулук тарабынан көп нааразылыктар айтылып жана суроолор берилсе дагы жалпысынан биз күз-кыш мезгили кыйын болот деп айтуу менен калкка туура эскертүү бердик. 2013-жылга салыштырмалуу электр энергиясын колдонуу 20 пайызга төмөндөгөн. Бул деген сөз эл менен ишканалар электр энергиясын үнөмдөп жатканынан кабар берет",-деп белгиледи Оторбаев жолугушуу маалында.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...