Акыркы макалалар

Күнөөсүз атылгандардын күбөсү болгон Бүбүра Кыдыралиева жардам алды

Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева 1938-жылы кыргыздын саясий жана коомдук ишмерлерин атууга жалгыз күбө болгон Бүбүра Кыдыралиева менен жолугушту. Бул тууралуу кечээ, 12-январда өкмөттүн аппаратынын маалымат менен камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Жолугушуу маалында министрлер кабинетинин өкүлү Кадыралиеваны жаңы кыргыз тарыхындагы эң кайгылуу барактардын бирин ачууга көмөк берген чечкиндүүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушууда Ниязалиева Жоомарт Оторбаев кол койгон 50 миң сомдук бир жолку жардамды Кадыралиевага тапшырды. Кыдыралиеванын өзүнүн баласы жок жана үйү жок, учурда туугандарынын балдарыныкында жашап жатат жана 6 миң сом пенсия алат. Азыр апа 87 жашка чыккан.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...