Акыркы макалалар

2014-жылы мамлекеттик казыналык векселдер боюнча кирешелер 1,6 пайызга көбөйгөн

2014-жылы республикалык бюджетке түшкөн расмий трансферттер 7 млрд 752,1 млн сомду түзгөн же план 99,4 пайызга аткарылган. 2013-жылга салыштырмалуу расмий трансферттер акчалай туюнтканда 1 млрд 508,2 млн сомго же 24,2 пайызга көбөйгөн. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда каржы министр Ольга Лаврова маалымат жыйыны учурунда билдирди.

Республикалык бюджеттин салыктык эмес түшүүлөрү 14 млрд 963,1 млн сомду түзгөн же план 113,9 пайызга аткарылган. Ашыкча аткарылган сумма – 1 млрд 821,9 млн сом. Өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөргө салыштырмалуу салыштык эмес кирешелер 53,3 пайызга же 5 млрд 201,6 млн сомго көбөйгөн.

Мурда берилген ссудалар жана кредиттер боюнча пландалган 1 млрд 384,3 млн сомдун ордуна 1 млрд 667,5 млн сом ишканалар жана уюмдар тарабынан кайтарылган же план 120,5 пайызга аткарылган. Пландан ашыкча түшүүлөр 283,1 млн сомду түзгөн.

Мамлекеттик казыналык векселдер боюнча кирешелер 7 млрд 723,9 млн сомду түзгөн же 2013-жылга салыштырмалуу 121,5 млн сомго же 1,6 пайызга көбөйгөн жана божомол 100 пайыз орундалган.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...