Акыркы макалалар

Лаврова: 2014-жылы бюджеттин киреше бөлүгү 13,6%га өстү

2014-жылы атайын каражаттарды жана мамлекеттик инвестициялык программаларды эске албаганда республикалык бюджетке 105 млрд 787,7 млн сом түштү, же пландын 102,8%ы аткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда каржы министри Ольга Лаврова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, 2013-жылга салыштырмалуу киреше 13,6%га жогорулаган же 12 млрд 692,1 млн сомго өскөн. Ошондой эле салыктан 70 млрд 907,6 млн сом чогулган же план 101,3%га аткарылган (70 млрд 7,5млн). Мамлекеттик бажы кызматы 42 млрд 555,5 млн сом чогулткан же планды 101,1%га аткарган. Ал эми Мамлекеттик салык кызматы 28 млрд 352,2 млн сом чогулткан же планды 101,6%га ишке ашырган.

"ИДПнын өсүү темпинин төмөндүгүнө карабай 2014-жылы бюджеттин киреше булагы камсыз болду. Туруксуз макроэкономикалык абалды жана улуттук валютанын өзгөргүчтүгүн эске алганда жыйынтык жаман эмес", - дейт Ольга Лаврова.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...