Акыркы макалалар

Озон катмарын коргоо жөнүндө мыйзамга толуктоолор киргизилди

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "Озон катмарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 27-ноябрында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты - озон катмарын коргоо тармагында чараларды мындан ары күчөтүү, тарифтик эмес жөнгө салуу тармагындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын Евразия экономикалык бирлигинин алкагында эл аралык-укуктук актыларын ылайык келтирүү болуп саналат.

Мыйзам расмий жарыяланууга жатат жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө Келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө Келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...