Акыркы макалалар

Бишкекте шахмат турнири жыйынтыкталды

Бишкекте жаш өспүрүмдөр арасында шахмат боюнча турнир болуп өттү. Бул тууралуу башкы машыктыруучу Бактыгүл Тиленбаева “Саресеп" маалымат порталына билдирди. Анын айтымында, турнирге 4-5 жаш курагында 22 бала ат салышты. Турнир өспүрүмдөрдүн деңгээлин аныктоо жана алардын тажрыйбасын арттыруу максатында уюштурулган.

Бактыгүл Тиленбаеванын билдиришинче, турнирдин жүрүшүндө кээ бир балдар машыгуу учурунда жакшы ойношсо, айрымдары мелдеш учурунда мыкты оюн көрсөтүшкөн. Негизи 4-5 жаштагы балдарды машыктыруу, тарбиялоо ата-эне жана машыктыруу үчүн кыйла оор. Ошондуктан ата-энелер туура түшүнүү менен мамиле кылып, балдар бир дагы сабагын калтырбай, тапшырмаларды так, туура аткарса сөзсүз түрдө ийгиликтерге жетишет.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...