Акыркы макалалар

1-январдан бери 10 млн доллар сомдун кунун кармап туруш үчүн коротулду

Кыргызстандын Улуттук банкы быйылкы жылдын башынан бери 10 миллион 700 миң долларлык валюта интервенциясын ишке ашырды. Бул тууралуу Kabar Press мамлекеттик маалымат кызматы КРдин Улуттук банкынын басма сөз кызматына шилтеме кылуу менен маалымдады.

Эскерте кетсек, буга чейинки интервенция 2014-жылдын 30-декабрында ишке ашкан, ал күнү Улуттук банк ички рынокко 5,1 миллион доллар саткан. Жалпысынан өткөн жылы Улуттук банк 45 жолу доллар сатыш үчүн жана доллар сатып алыш үчүн рынокко кирген. Улуттук акчанын кунун түшүрбөй кармап туруш үчүн баардыгы болуп 493,15 миллион доллар рынокко салынган.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...