Акыркы макалалар

Эртең жеткинчектер арасындагы шахмат турнири аяктайт

Бишкекте 3-январда жеткинчектер арасында эл аралык шахмат боюнча "Greenwich Chess Cup-2015" турнири башталган. Иш-чаранын максаты - шахмат оюндарын өнүктүрүү жана пропагандалоо, эл аралык байланыштарды бекемдөө, балдардын кышкы эс алуусун уюштуруу болуп саналат.

Шахмат оюндары Greenwich Pubда өтүүдө. Ага Кыргызстандын бардык аймактарынан, чет өлкөлөрдөн келген балдар катышып жатышат. Жеңүүчүлөр медаль, диплом, баалуу белектер, акчалай сыйлыктар менен сыйланат. Жеңүүчү команда экинчи жолу өткөрүлүп жаткан эл аралык шахмат оюндарынын кубогуна ээ болот. Мелдеш эртең, 11-январда аяктайт.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...