Акыркы макалалар

Депутаттар шайлоочулар менен жолугушууда

Бүгүн, 9-январда КР Жогорку Кеңешинин вице-спикери Төрөбай Зулпукаров баштаган КСДП фракциясынын депутаттары Акылбек Султанов, Заирбек Жоошбеков, Абдыманап Кутушев Ош мамлекеттик университетинде шаардын тургундары жана активдери менен жолугушту. Иш-чарага тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.КСДП фракциясынын катчылыгынан маалымдады.

Жолугушуунун жүрүшүндө 2010-жылдын июнь коогалаңында жабыркаган ишкерлердин бири Азатхан Мажитова жабыркаган ишкерлерге жардам берүү боюнча Жогорку Кеңештин токтому Өкмөт тарабынан аткарылбай жаткандыгын айтты. Депутат З.Жоошбеков Өкмөт тиешелүү каржы булактарын тапкандан кийин жардам берерин, аны парламент көзөмөлгө алаарын жооптоду.

Бажы биримдигине кирүүнүн оош-кыйыш жактары тууралуу суроолорго жооп берип жатып эл өкүлү А.Кутушев аталган уюмга киргенден кийин бажы төлөмдөрү мурда 11 млрд сомдун тегерегинде болсо, эми 26 млрд сомго чейин өсүшү ыктымалдыгын билдирди.

Ош шаарын таза суу менен камсыз кылуу 2016-жылдары толугу менен чечилерине токтолгон депутат Акылбек Султанов ал үчүн Азия Өнүктүрүү Банкы жана орусиялык гранттык каражаттардан каражат бөлүнөрүн маалымдады. Мындан сырткары, Ош шаарынын тургундары негизинен бала бакчалардын жетишсиздиги, шаардын ички жолдорун оңдоо, электр энергиясынын тарифтери, айрым чөлкөмдөрдү газ менен камсыз кылуу маселесин көтөрүштү.

Жолугушуу соңунда Жогорку Кеңеш Төрагасынын орун басары Т.Зулпукаров түштүк жергесинде да өлкөбүздүн башка аймактарындай эле социалдык көйгөйлөр бар экенин, ошондой эле бул жакта Сирияга кетип жаткан биздин жарандар боюнча маселелер көтөрүлгөндүгүн айтып, мындай олуттуу көйгөйлөр боюнча парламентте талкуу болоорун белгилеп, жолугушууну жыйынтыктады.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...