Акыркы макалалар

Оштун тургундары ЖКнын токтомдору аткарылбай жаткандыгын айтып сынга алышты

Бүгүн, 9-январда Жогорку Кеңештин вице спикери Төрөбай Зулпукаров баштаган КСДП фракциясынын депутаттары Ош мамлекеттик университетинде шаардын тургундары жана активдери менен жолугушту.

Вице-спикери Төрөбай Зулпукаров республикадагы жалпы коомдук-социалдык абал тууралуу кеп кылып, Жогорку Кеңештин өткөн жылдагы иштеринен маалымат берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө 2010-жылдын июнь коогалаңында жабыркаган ишкерлердин бири Азатхан Мажитова жабыркаган ишкерлерге жардам берүү боюнча Жогорку Кеңештин токтому өкмөт тарабынан аткарылбай жаткандыгын айтты. Депутат Жоошбеков өкмөт тиешелүү каржы булактарын тапкандан кийин жардам берерин, аны парламент көзөмөлгө ала тургандыгын жооптоду. Бажы биримдигине кирүүнүн оош-кыйыш жактары тууралуу суроолорго жооп берип жатып эл өкүлү Абдыманап Кутушев аталган уюмга киргенден кийин бажы төлөмдөрү мурда 11 млрд сомдун тегерегинде болсо, эми 26 млрд сомго чейин өсүү ыктымалдыгын билдирди. Ош шаарын таза суу менен камсыз кылуу 2016-жылдары толугу менен чечилерине токтолгон депутат Акылбек Султанов ал үчүн Азия Өнүктүрүү Банкы жана орусиялык гранттык каражаттардан каражат бөлүнөөрүн маалымдады. Мындан сырткары, Ош шаарынын тургундары негизинен бала бакчалардын жетишсиздиги, шаардын ички жолдордун оңдоо, электр энергиясынын тарифтери, айрым чөлкөмдөрдү газ менен камсыз кылуу маселесин көтөрүштү.

Жолугушуу соңунда Жогорку Кеңеш төрагасынын орун басары Зулпукаров түштүк жергесинде да өлкөнүн башка аймактарындай эле социалдык көйгөйлөр бар экенин, ошондой эле бул жакта Сирияга кетип жаткан жарандар боюнча маселелер көтөрүлгөндүгүн айтып, мындай олуттуу көйгөйлөр боюнча парламентте талкуу болоорун белгиледи.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...