Акыркы макалалар

Президент «Газпром Кыргызстандын» башкы директорун кабыл алды

Бүгүн, 9-январда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Газпром Кыргызстан» энергетикалык компаниясынын башкы директору Болот Абилдаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына өлкөдө геологиялык чалгындоо жүргүзүү иштери, ошондой эле «Газпром Кыргызстандын» республиканын газтранспорттук системасын өнүктүрүү боюнча пландары тууралуу маалымат берилди.

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарын бириктирген магистралдуу газ түтүгүнүн компания тарабынан долбоорлоонун жана куруунун, ошондой эле аталган региондордун керектөөчүлөрүнө жаратылыш газын газ чыккан жерлерден жеткирүүнүн өзгөчө маанисин баса белгиледи

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...