Акыркы макалалар

Өкмөт ЕАЭБга даярдык боюнча жыйын өткөрдү

9-январда өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Кыргызстандын Евразия эркин экономикалык аймакка кошулуудагы келишимдердин аткарылып жатышы боюнча министрлер менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Анда экономика министри Темир Сариев биримдикке кошулушу жөнүндөгү келишимдер ишке ашырыла баштаганын маалымдады.

Өкмөт башчы аткарылып жаткан иштерге министрлер өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи.

2014-жылы 23-декабрда Москвада Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулушу боюнча келишимге кол коюлду. Эми ал келишим Бажы биримдигине мүчө мамлекеттерде ратификациялангандан кийин күчүнө кирет.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...