Акыркы макалалар

Б. Орунбековдун "Бөлүнгөн кыргыз" аттуу китеби чыкты

Журналист Бакыт Орунбековдун жыл аягында “Бөлүнгөн кыргыз” аттуу китеби жарык көрдү. Бул тууралуу автор өзүнүн социалдык тармактагы расмий баракчасында билдирди.

Автордун айтымында, китепте Кыргызстандагы социалдык-саясий кырдаал, кыргыздын бөлүнгөнүнүн түрлөрү, анын себептери, башка көйгөйлөрү, кесепеттери, кыргыздын кедей жашаганынын себептери, саясий партиялардын салмагы жана сапаты тууралуу жазылган. Ошндой эле Орунбековдун кыргыз уулу Чыңгыз Айтматовдун адамзаттын уулуна айланганы жана журналистика маселелерине байланыштуу акыркы жылдары жазылган публицисттикалык макалалары, чет өлкө сапарларынан кыргызга керектүү таасирлери, Кыргызстанга байланыштуу ой толгоолору жана анын келечеги жөнүндө сунуштары жарык көргөн.

Белгилүү журналист Бакыт Орунбековдун буга чейин, Кыргызстандын тагдырына байланышкан “Чайпалган Кыргызстан” (2009), “Көп партиялуулук жана парламентаризм келечеги” (2011) “Карбоз ата жана бабалары” (2014) аттуу китептери чыккан. Автор учурда дагы бир жаңы китептин үстүнөн иштөөдө.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...