Акыркы макалалар

Кыргыз-кытай чек арасында үч адам кармалды

Чек ара кызматы тараткан маалыматка ылайык, кечээ, 7-январда Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Эшме аймагынан кыргыз-кытай чек арасын мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган үч адам кармалды.

Кармалгандардын жанында эч кандай документи жок болгон. Алар Кытайдын Кызыл-Суу Кыргыз автоном аймагына караштуу Акчий ооданынын тургундары экени айтылууда. Алардын жанынан 6 даана бычак, ошол аймактардын картасы, 369 кытай акчасы жана дары дармек, азык-түлүк болгон.

Учурда бул боюнча Кырызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы жана Ички иштер министрлиги биргеликте ыкчам териштирүү иштерин башталды.

Ал эми кыргыз-кытай чек арасы күчөтүлгөн кайтарууга өттү.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...