Акыркы макалалар

Мыйзамсыз сакталып жүргөн куралдарды, жардыруучу заттарды өз эрки менен берүү иши уланууда

6-январда Токтогул районунун 47 жаштагы Ж.А. аттуу жашоочусу райондук ИИОго кайрылып, “ТОЗ-11”, 5,6 калибрдеги “ТОЗ-11” жана 20 калибрдеги “ИЖ 18” куралын өз эрки менен өткөрүп берген. Бул тууралуу КРнын ИИМнин басма сөз кызматы билдирди.

Мындан тышкары, 6-январда Жумгал районуна караштуу Көк-Ой айылынын жашоочусу 26 жаштагы Б.К. аттуу жаран 16 калибрдеги “ИЖ 18” куралын 13 огу менен өз ыктяры менен тапшырган.

ИИМи жарылуучу заттарды жана куралдарды мыйзамсыз алып жүрүү, колдонуу, берүү, өткөрүү фактылары боюнча КРнын ККнын 241-беренесине ылайык 200дөн 500гө чейинки көрсөтүлгөн эсепте же 5 жылга чейин эркинен ажыратылары жөнүндө эскертет. Жогоруда көрсөтүлгөн куралдарды өз ыктияры менен тапшыргандар кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...