Акыркы макалалар

Караколдо мал жана эттин баасы жогорулады

Өткөн жылы коңшу өлкөлөргө чек ара жабылып базардагы малдардын баасы арзандап кеткен. Учурда тоюттардын кымбат болгондугуна байланыштуу бода малдын, жылкынын, койлордун бааасы жогорулады. Ага ылайык эттин баасы да көтөрүлдү. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук экономика жана антимонополияга каршы башкармалыгынын башчысы Улан Мурадылов билдирди.

Анын айтымында малдын баасы көтөрүлгөнүнө байланыштуу эттин да баасы да 10-20 сомго көтөрүлүүдө. « Мурда койдун семизи 5 миң болсо азыр 7 миң сом. Жылкыныкы мурда 60 миңде сатылса азыр 70-80 миң болууда. Уйдуку мурун 35-40 миң болсо учурда 45-50 миңден сатылууда”-дейт У.Мурадылов. Ошондой эле малдын жана эттин кымбатташына тоютттардын кымбатташы да себеп болууда-деп кошумчалады ал.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...