Акыркы макалалар

Кыргызстанга мыйзамсыз кирүүгө аракет кылган жаран кармалды

6-январь күнү Бишкектеги Манас эл аралык аэропортунун чек арасынан Кыргызстанга мыйзамсыз кирүүгө аракет кылган аял кармалды. Стамбул-Бишкек каттамындагы учак менен келген аял бөлөк бирөөнүн паспорту менен Кыргызстанга кирүүгө аракет кылган.

Чек арачылар ал аялдын аты-жөнүн тастыктоо максатында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлерине өткөрүп беришти деп кабарлайт КР Чек ара кызматынын маалымат кызматы.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...