Караколдун “Восход” кичи районундагы газ сактоочу жайларды (газгольдер) мыйзамсыз түрдө казган адам аныкталды. Ага кичи райондун 60ка жакын тургундар кечээ нааразы болуп шаардык кеңешке кайрылуу каттарын жиберишкен. Бул тууралуу Каракол шаардык депутаттар кеңешинин жоопту катчысы Эрмек Майрыков билдирди.
Анын айтымында 2011- жылы Чолпон-Атадагы “Кыргызгаз” ААК өткөргөн тендеринин жеңүүчүсү Ж.Кубатов атту адам мыйзамсыз түрдө 2-3 ай ичнде Каракол шаарындагы 6 газ сактоочу жайды казып алып кеткен. Ага эл нааразы болуп бир нече арыздарды жазышкан: «Газ сактоо жайын казуудан мурун мүлк ээси деп эсептелген жергиликтүү эл менен келишим түзүлүш керек. Негизинен Чолпон–Ата шаарындагы тендердин жеңүүчүсүнүн Каракол шаарындагы газ сактоо жайына тиешеси жок. Ж.Кубатов «бул боюнча атайын акты түзүлгөн жана газ сактоо жайын алууга уруксат берилген» деп элди ишендирген», - дейт Э.Майрыков.
Учурда элден түшкөн арыздар тиешелүү укук коргоо органдарга өткөрүлүп, иш каралып жаткандыгы белгилүү болду.
Азырынча бир да пикир жок...