Акыркы макалалар

Аукцион аркылуу сатылып, улутташтырылган объектилердин тизмеси

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду белгиленген тартипте менчиктештирүүгө жаткан 16 объектинин ичинен 6 объектини сатты. Анын ичинен банкроттук жол чегинде атайын администратор менен менен 1 объектини (Бишкек арак заводу) сатты.

2011-жылы аукцион аркылуу менчиктештирилип сатылган, улутташтырылган объектилердин тизмеси:

1. «Каприз» эс алуу жайынын аймагында жайгашкан №56 коттедж. Баштапкы баасы 10 935 000 сом. 2011-жылдын 30-сентябрында өткөн аукциондон 11 700 450 сомго Д.Супатаев сатып алган.

2. «Bavaria-38 Cruiser» яхтасы. Баштапкы баасы 3 100 000 сом. 2011-жылдын 11-октябрында өткөрүлгөн аукциондон 2 487 750 сомго А.Текебаев сатып алган.

3. «Дитис» ЖАКнын 33% акциясы. Баштыпкы баасы 3 634 085 сом. 2011-жылдын 11-октябрында өткөрүлгөн аукциондон 17 209 970 сомго «Delasco Company» ЖЧКсы сатып алган.

4. «Азия Агроресурс» ЖАКнын 35% акциясы. Баштапкы баасы 7 62- 903 сом. 2011-жылдын 11-октябрында өткөрүлгөн аукциондон 10 615 367 сомго «Delasco Company» ЖЧКсы сатып алган.

5. «Петрол Групп» ЖЧКнын 100% үлүшү. Баштапкы баасы 123 189 803 сом. 2011-жылдын 7-декабрында кайтадан өткөрүлгөн аукциондо 170 957 960 сомго К.Курбанов сатып алган.

Комиссиялык төлөмдөрдү эске албаганда менчиктештирүүдөн 176 264 989 сом түшкөн. Ал эми комиссиялык төлөмдөрдү эске алуу менен менчиктештирүүдөн 188 603 538 сом түшкөн. Комиссиялык төлөмдөрдү эске алганда жана комиссиялык төлөмдөрдү эске албаганда, жалпысынан 212 971 497 сом түшкөн.

КРнын банкрот тууралуу мыйзамына ылайык атайын администратор аркылуу менчиктештирилген объект:

6. «Бишкек арак заводу» ААКнын 70,12% акциясы. Баштапкы баасы 133 000,0. 2011-жылдын 8-августунда биринчи аукцион болбой калган. Баштапкы бааны 25%га арзандаткандан кийинки сумма 99 790 000 сомду түзгөн. Экинчи аукцион 2011-жылдын 29-августуна пландалып, ал да болбой калган. Акыркы суммасы 66 600,0 сомду түзгөн. 2011-жылдын 19-сентябрында аукцион болуп, 66 600,0 сомго Ж.Давлетбеков сатып алган.

Эскерте кетсек, бардык каражаттар кредиттик карыздарды жоюуга жумшалат.

Ошентип жалпысынан 6 аукцион жарактуу деп табылып, 176 264 990 сомго мамлекеттин менчиктери сатылган. Буга кошумча сумма катары 12 338 548 сом комиссиялык төлөм катары түшкөн. Кайтарылбаган кепилдик төлөмдөрүнүн суммасы 24 367 960 сомду түзгөн. 2011-жылы улутташтырылган объектилерди менчиктештирүүдөн түшкөн каражат 212 971 497 сомду түзгөн.

Эскерте кетсек, бир объект боюнча – «Шаардык арак заводун» саткандан кийинки суммасы 66 600,0 сом заводдун кредиттик карызын жапканга жумшалган. Банкрот мыйзамынын талаптарына ылайык «Бишкек арак заводу» ААКнын активинин базасында атайын администратор тарабынан «Шаардык ликер-арак заводу» ЖЧКсы түзүлгөн.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...