Акыркы макалалар

Ош шаарында газ кымбаттады, бирок демейки калыбында берилүүдө

11.01.2013. Асанбек Каракозуев

Бүгүнкү күндө Ош шаарында газ керектөөчүлөргө демейки калыпта берилүүдө. Көгүлтүр отунга болгон баа жаңы жылдан тартып 0,02 сомго жогорулаган. Бул тууралуу Ош газ чарба башкармалыгынын начальниги Маматкалык Аматовго шилтеме берип, мэриянын коомчулук менен байланыш кызматы билдирди.

“Бүгүнкү күндө басым саатына 6 миң кубометрден жана суткасына 122 миң кубометрден берилүүдө”, - деди М. Аматов.

Ошондой эле ал акыркы эки суткада газ берүү суткасына 100-110 миң кубометрден 122 миң кубометрге чейин жеткендигин белгиледи.

М. Аматовдун айтуусунда, өзбек тарап менен 2013-жыл үчүн газды үзгүлтүксүз берүү боюнча келишимге кол коюлган. Январь айынан тартып Ош шаарынын жашоочулары 1 кубометр газ үчүн 14,75 сомдон төлөшүүдө жана акыркы ирет баа 0,02 сомго жогорулаган.

Түп нускага шилтеме : yntymak.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...