Акыркы макалалар

Өзбекстан кыргыз жарандарына келтирилген материалдык чыгымды толук төлөп бере турган болду

11.01.2013. Асанбек Каракозуев

Өзбек тарап 5-7-январь күндөрү Чарбак айылы жана Сох анклавында болгон чек арадагы башаламандыкта кыргыз жарандарына келтирилген материалдык чыгымды толук төлөп берүүгө даяр. Бул тууралуу 10-январда Фергана облусунун хокими Шухрат Ганиев КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков менен болгон жолугушууда айтты. Мындай кабарды Баткен облусунун администрациясынын маалымат кызматы билдирди.

Өкүлчүлүктүн маалымат кызматынын билдирүүсүндө, жолугушуу өзбек тараптын өтүнүчү менен 10-январда Кыргызстандын Чарбак айылы менен Өзбекстандын Хушяр айылынын ортосундагы бейтарап аймакта болгон.

Жолугушуу учурунда Фергана облусунун хокими эки чек ара айылдардын жашоочуларын жараштыруу жана достукту чыңдоо боюнча биргелешкен иш чараларды өткөрүүнү сунуш кылган.

Ж. Разаков мындай иш чараларды өткөрүүнү колдоп, бирок Өзбекстандын жарандары тарабынан келтирилген чыгымдардын орду толтурулгандан кийин гана мүмкүн экендигин эскерткен. Мындан мурда Ж. Разаков Бишкекте өткөргөн маалымат жыйынында Фергана облусунун жетекчилигине эки чек ара аймагынын элдеринин достугун жана карым-катнашын жакшыртуу боюнча сунуштарга өзбек тарап жооп бербей келгендигин айткан болчу.

Учурда Баткен облусунда чек ара чатагында келтирилген чыгымдын көлөмүн аныктоо боюнча өкмөттөр аралык комиссия иштөөдө.

Түп нускага шилтеме : yntymak.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...