Акыркы макалалар

Жаңжал кайдан чыкты, бүгүнкү абал кандай?

«Баткен облусундагы кырдаал толук калыбына келтириле элек. Жашоочулар материалдык чыгымдын орду толтурулбаса нааразы боло беришет. Өзбекстандын жарандары жергиликтүү элдин 15 автомашинасын, 15 тирөөчтү жана бир суу өткөргүчүн талкалашкан», - деп билдирди КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков.

КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынын берген маалыматына таянсак, 2013-жылдын 6-7-январь күндөрү Баткен облусунун Баткен районунун Кыштут айыл аймагынын Чарбак айылында Өзбек Республикасынын Хушьяр айылынын тургундары менен №2022 аскер бөлүгүнүн Чарбак чек ара заставасынын ортосунда чыр-чатак чыгып кеткен.

Окуя жүз берген алгачкы сааттарда аталган аймакка КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйругу менен Баткен районунун акими С.Калыков жөнөтүлгөн. Ошол эле учурда КРнын жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу, чыр-чатактын өөрчүп кетишине жол бербөө максатында КРнын ИИМнин, МУККнин, КРнын Чек ара кызматынын облустагы башкармалыктарына тиешелүү ыкчам аракеттерди көрүү боюнча КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлү тарабынан көрсөтмөлөр берилген.

КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаковдун жетекчилиги менен облустук штаб түзүлгөн жана штабга облустагы бардык күч түзүмдөрүнүн өкүлчүлүктөрү камтылган. Өзбек Республикасынын жергиликтүү бийлик органдары менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аракеттери көрүлдү. Чарбак айылындагы «Чарбак» заставасында КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.Разаков жана облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, Баткен ОИИБнын башчысы милиция¬нын полковниги А.Алимбеков, Баткен облусунун прокурору Л.Жумабаев, МУККнын Баткен облусу боюнча башчысы полковник Т.Салиев, Баткен раймамадминистрациясынын башчысы-аким С.Калыков Баткен районунун Чарбак айылынын тургундары менен жолугушуу өткөрүштү. Жолугушууда негизинен Өзбекстан Республикасынын жарандары тарабынан барымтага алынган кыргыз атуулдарын бошотуу маселеси каралды.

Ошол эле күнү Баткен районунун Боз-Адыр айылы менен Сох районунун Шархобод айылы чектешкен аймакта өзбек-кыргыз өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуусу болуп өттү.

- Эки тараптуу жолугушууга өзбек тараптан Фергана облусунун хокими Ш.Ганиев, Фергана облусунун ИИБнын башчысы милициянын генерал-майору Т.Сатаров жана чек ара кызматынын өкүлү, кыргыз тараптан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.Разаков баштаган бийлик өкүлдөрү катышышып, ал жерде эки тараптуу көйгөйлүү маселелер талкууланды.

Сүйлөшүүдө маселе жөнгө салынганга чейин эки өлкөнүн жарандарынын коопсуздугу үчүн чек ара бекеттерин жабык абалда кармап туруу, чек ара маселелерин чечүүнү тездетүү боюнча Өкмөттөр аралык паритеттик комиссиянын ишин тездетүүгө сунуш берүү жана келтирилген зыяндарды аныктоо боюнча эки тараптан тең комиссия түзүп, иш алып баруу жагы макулдашылды. Облус жетекчиси Ж.Разаковдун мындан ары азыркыдай көрүнүштөргө жол бербөө боюнча эки тараптуу иш-чараларды уюштуруп, эки элдин ынтымагын бекемдөө багытында бир келишимде иш алып баруу сунушун Фергана облусунун жетекчиси колдой тургандыгын билдирди.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Өзбекстан Республикасынын жарандары тарабынан Хушьяр айылында алардын эркине каршы кармалып турган бардык кыргыз жарандары Кыргызстан тарапка өткөрүлүп берилип, медициналык кароодон өткөрүлдү. Медициналык кароо учурунда эркек жарандардын денесине күч колдонулганы аныкталган. Бул жана башка фактылар боюнча облустук прокуратура тарабынан кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүү делинген Өзбек Республикасынын жарандарынын үстүнөн иликтөө иштери өзбек тараптын укук коргоо органдары менен биргеликте жүргүзүлөт. КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.Разаков ооруканада жаткан кыргыз жарандардын абалынан кабар алды, аларга бардык медициналык керектүү жардамдар берилип жатат. Ошол эле учурда облустук бийлик стационардык дарылануудагы жарандардын ар бирине 2 миң сомдон акчалай жардам көргөздү. Чарбак айылында электр мамычаларын орнотуу, жарык берүү иштери калыбына келтирилди. Азыркы учурда калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу иштери колго алынууда. Ошол эле учурда жер-жерлерде калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, облустун аймагында коомдук-саясий абал өз нугуна түшүп, турукташа баштады.

Баткен облусунда КР ички иштер ми¬нистри Шамиль Атаханов, КРнын чек ара кызматынын башчысы З.Тиленов, ИИМдин орун басары К.Жунушалиев болуп, облустагы ИИБнин жеке курамы менен ыкчам жыйын өткөрдү.

Жыйынга УКМКнын жана КР Чек ара кызматынын өкүлдөрү да катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө коомдук тартипти жана Өзбекстандын Сох анклавына чектеш жерде жашаган жарандардын коопсуздугун камсыздоо маселелери талкууланды. Жеке курамга Сох анклавына жакын жайгашкан Баткен, Кадамжай районунун калкынын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди. Барымтага алуу жана чек ара заставасына кол салуу фактысы боюнча Баткен облусунун прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголгон.

КР мамлекеттик чек ара кызматынын башчысынын биринчи орун басары Искендер Мамбеталиевдин билдирүүсүнө ылайык, кыргыз чек арачылары жөн гана эскертүү катары асманды көздөй ок чыгарышкан. Мамбеталиевдин дагы бир билдирүүсү боюнча, барымтага алынып, кийин бошотулгандардын көбүнчөсү денесинен жаракат алышып, зомбулукка кабылышкан.

Ушул окуяларга байланыштуу Баткен облусундагы кыргыз-өз¬бек мамлекеттик чек арасындагы «Кайтпас-Автодорожный», «Кы¬¬зыл-Кыя-Автодорожный», «Кବ¬¬дамжай-А⬬то¬до¬рожный», «Ак-Кыя-Автодорожный», «Өтүꬬ¬¬¬¬¬¬¬чү-Авто¬дро欬ный», «Боз-Адыр», «Чечме» жана «Кызыл-Тоо» көзөмөлдөө посттору убак¬тылуу жабылды.

Мындай чаралар кыргыз тараптан райондо болуп өткөн абалды турукташтыруу максатында көрүлүүдө.

Гүлчехра Тажибаева, “Кыргыз Туусу”

Сүрөттөр автордуку жана «Азаттыктан»

Түп нускага шилтеме : kyrgyztuusu.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...