Акыркы макалалар

Жаңы жыл түнү республика боюнча 38 өрт кырсыгы катталды

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, 2014-жылдын 31-декабры саат 08:30дан 2015-жылдын 1-январы саат 08:30га чейин республиканын аймагында 38 өрт кырсыктары катталып, аларды өчүрүүгө 44 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган. Кырсыктын кесепетинен 1 адам каза болуп, дагы бир адам жаракат алган. Тилсиз жоонун себеби көпчүүлк учурда балдардын тарсылдактарды (петарда) туура эмес колдонуусу болуп саналат. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматы билдирди.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...