Акыркы макалалар

Алымбек датканын 215 жылдыгын өткөрүүгө макулдук берилди

Парламенттин адам укуктары, Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитети Алымбек датканын 215 жылдыгын өткөрүү тууралуу токтомдун долбоорун жактырды. Комитет жыйынында айтылгандай, Жогорку Кеңештин төрагасынын атына Алымбек датканын мааракесин өткөрүү тууралуу 243 кишинин колу коюлган өтүнүч кат түшкөн. Токтом кабыл алынса мааракени өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлүп, Алымбек датка тууралуу тарыхый китеп жазылып, илимий конференциялар өткөрүлмөкчү.

Иш-чаралар 2015-жылы болот.

Алымбек датка Кокон хандыгынын тушундагы Алайлык кыргыздардан чыккан чыгаан мамлекеттик ишмер болгон.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...