Акыркы макалалар

Экономика министрлиги рекорддук суммадагы мамлекеттик инвестицияны күтүп жатат

2015-жылы рекорддук суммадагы инвестиция, башкача айтканда, 44 млрд сомдук мамлекеттик инвестициянын келиши күтүлүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 30-декабрда болгон брифингде Экономика министри Темир Сариев билдирди.

"Бул 2014-жылга салыштырганда эки эсеге көп. Быйыл мамлекеттик инвестиция программасынын линиясы боюнча биз 19 млрд сом тартып келгенбиз. Жаңы инвестициялар ири долбоорлорго жумшалат. Алардын катарында Түндүк-Түштүк альтернативалык жолун куруу, Жогорку Нарын ГЭСинин курулушу, Бишкек – Торугарт унаа жолунун реконструкциясы, ТЭЦти реконструкциялоо, Датка – Кемин долбоорун бүтүрүү жана башкалар бар",-деп эскертти Сариев.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...