Акыркы макалалар

Кыргызстанда жашоо минимуму 4 958 сомго бааланды

Кыргызстанда жашоо минимуму 2014-жылдын үчүнчү кварталындаи 4 958,71 сомду түздү жана биринчи кварталга салыштырганда 5,6 пайызга жогорулап, экинчи кварталга салыштырганда 1,1 пайызга азайды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет берген маалыматта айтылат.

Эскерте кетсек, жашоо минимумунун түзүмү өкмөттүн токтому менен бекитилет. Анын 65 пайызын- азык-түлүк, 16 пайызын -азык-түлүк эмес товарлар, 17 пайызын -тейлөө көрсөтүү, 2 пайызын- салык түзөт. Жашоо минимумунун баасы квартал сайын Улуттук статистикалык комитет тарабынан эсептелип турат.

Аталган түзүмгө таянсак, орточо алганда ар бир кыргызстандык ай сайын 7 кг 880 грамм -нан жана нан азыктарын, 4 кг 690 грамм -картошка, 6 кг 830 грамм- жашылча, 7 кг 760 г -жашылча-жемиш, 19,1 литр -сүт, 3 кг 160 г -эт, 350 г -балык, 16 -даана жумуртка, 1 кг 660 г -шекер жана 790 грамм - өсүмдүк майын колдонот.

Бул азык-түлүк топтому экинчи кварталда -3 223,15 сом, азык-түлүк эмес товарлардын наркы -793,4 сом, тейлөө - 842,99 сом деп эсептелген.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...