Акыркы макалалар

Баткенде дин кызматкерлеринин жыйыны өтүүдө

Мындай маалыматты Баткен районунун имамы хатиби Нуридин ажы Мамасабыров “Азаттыкка” билдирди. Баткен району боюнча диний кызматкерлер жыл жыйынтыгын чыгарган иш-чарада 2014-жыл ичиндеги аткарылган иштерди жана келээрки жылга пландар бекитүүнү карап жатат. Диний кызматкерлерди аттестациядан өткөрүү, Коргоо кеңешинин диний экстремизмдин алдын алуу менен мыйзамсыз агымдарга каршы туруу боюнча иш-чаралар бекитилмекчи.

Буга чейин аймакта дин кызматкерлеринин калк арасында диний түшүнүк берүү, экстремисттик агымдарга каршы туруу боюнча билим сапаты жетишээрлик эмес деген дооматтар айтылып, жогорку окуу жайларда, айылдарда бул жаатта иш жүргүзүү боюнча аракеттер башталган.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...