Акыркы макалалар

Атамбаев: Кыргызстандын түштүгүндө дагы бир жылдай газ болбойт

Кыргызстандын түштүк аймагынын жашоочулары көгүлтүр отуну жок жашаганга дагы бир жылдай чыдаш керек, анткени анын жыйынтыгында бүт республика гана утушка ээ болот. Мындай бүтүмүн 27-декабрда болгон басма сөз жыйынында президент Алмазбек Атамбаев билдирди.

КРдин мамлекет башчысы Баткен областында көгүлтүр отундун кени табылгандыктан улам, Кыргызстан тыштан жаратылыш газын алуу көз карандылыгынан кутулмакчы. Мындан тышкары бул долбоор Таластан түштүккө карай газ куурун алып барууга караганда абдан арзанга түшмөкчү. Бул чейин республиканын түштүк бөлүгүн ушундай жол менен газ аркылуу жабдуу пландалып жаткан.

"Түштүктө ушуга чейин бир дагы магистралдык газ кууру жок болчу, Жалал-Абад менен Ошко Өзбекстандан өз-өзүнчү газ түтүктөрү кетет. Баткендеги кенден улам биз түштүктө жеке өзүбүздүн газ куурунун системасын түзөбүз. Келерки жылдын күзүнө чейин аны куруп бүтөбүз. Долбоор реалдуу, анын каржылоочу булак дагы бар. Түштүктө газы жок отурган элге абдан кыйын, биз аны түшүнөбүз",- деп билдирди президент.

Атамбаев ошондой эле Баткенде көгүлтүр отун казып алуу менен катар башка долбоорду да ишке ашыруу пландалып жатканын айтты. Президенттин айтмында, жакында Энергетика жана өнөр жай министрлиги инвесторлор менен Кызыл-Кыя шаарына көмүрдөн газ ала турган заводдун курулушу тууралуу келишимге кол коюлган.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...