Акыркы макалалар

Улутташтырылып, мамлекеттик органдарга жана ишканаларга өткөрүлүп берилген объектилердин тизмеси

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен тиешелүү чечим алганга чейин мамлекеттин менчигинде калтырылган 31 объектинин ичинен 10 объектини мамлекеттик органдардын балансына өткөрүлүп берди. Ошондой эле 6 объект облусттук мамлекеттик администрациялардын балансына өткөрүлүп берүү сунушталып жатат.

Улутташтырылып, мамлекеттик органдарга жана ишканаларга өткөрүлүп берилген объектилердин тизмеси:

1.Бишкек шаарынын Эркиндик бульвары 39 А дарегинде жайгашкан административдик имарат - Убактылуу өкмөттүн декретинин негизинде Башкы прокуратуранын балансына өткөрүлүп берилди;

2.«Эл аралык «Манас» аэропорту» ААКнын аймагында жайгашкан май куюуучу «Манас» комплекси – бул комплектин негизинде Мамлекеттик май куюуучу «Манас» комплекси түзүлгөн;

3.Бишкек шаарынын Тоголок Молдо 40 дарегинде жайгашкан Спорт ордосунун түндүк тарабындагы имарат - курулуш өкмөткө караштуу Мамлекттик дене тарбия жана спорт агенттигинин балансына өткөрүлүп берилген (2012-жылдын 13-июнунда №268и номур менен чыккан премьер-министрдин буйругу). Мыйзамга ылайык дене тарбия жана спорт объектилери улутташтырууга жатпайт;

4. «Спартак» стадионундагы түштүк жана батыш тарабындагы имарат өкмөткө караштуу Мамлекттик дене тарбия жана спорт агенттигинин балансына өткөрүлүп берилген (2012-жылдын 13-июнунда №268и номур менен чыккан премьер-министрдин буйругу). Мыйзамга ылайык дене тарбия жана спорт объектилери улутташтырууга жатпайт;

5.Токтоналиев 2/1 дарегинде жайгашкан «Чатыр-Көл» кинотеатры - Маданият жана туризм министрлигинин балансына өткөрүлүп берилген (2012-жылдын 2-июнунда №245и номур менен чыккан премьер-министрдин буйругу). Мыйзамга ылайык маданий объектилери улутташтырууга жатпайт;

6.Win code WBAKB 810449CY52201 БМВ-750 LI маркасындагы унаа - Убактылуу өкмөттүн декретинин негизинде Президенттин иш башкармалыгына өткөрүлүп берилген;

7.Win code WAB4632481X162400 Мерседес-Бенц G500 маркасындагы унаа - Убактылуу өкмөттүн декретинин негизинде Президенттин иш башкармалыгына өткөрүлүп берилген;

8.Win code JTSNYOOW294028398 Лексус-LX570 маркасындагы унаа - Убактылуу өкмөттүн декретинин негизинде Президенттин иш башкармалыгына өткөрүлүп берилген;

9. 3MZ 4161824 Лексус-RX330 маркасындагы унаа Убактылуу өкмөттүн декретинин негизинде Президенттин иш башкармалыгына өткөрүлүп берилген;

10.Win code IGNFK163X9J110614 Шевроле Субурбан LS маркасындагы унаа - Убактылуу өкмөттүн декретинин негизинде Президенттин иш башкармалыгына өткөрүлүп берилген;

Областтык мамлекеттик администрациясынын балансына өткөрүлүп берилген объектилер:

1. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Алма токой чарбасындагы «Таш-Башат» жер тилкесиндеги курулуштар (резиденция) - Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясына өткөрүлүп берилген;

2. Жалал-Абад шаарындагы 0,30 га аянты бар «Плодопитомник» №2 контурдагы жер тилкесинде жайгашкан турак-жайлар жана чарба курулуштары - Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясына өткөрүлүп берилген;

3. Жалал-Абад шаарынын Курманбек 8 көчөсүндө жайгашкан 33198,0 чарчы метр аянттагы жер тилкеси жана 21986,6 чарчы метр имарат - Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясына өткөрүлүп берилген;

4. Жалал-Абад шаарынын Нефтяникова 3 дарегинде жайгашкан жер тилкеси жана имарат Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясына өткөрүлүп берилген; 5. Чолпон-Ата шаардык башкармалыгынын аймагында жайгашкан 4,73 га жер тилкеси Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясына өткөрүлүп берилген;

6. Чолпон-Ата шаардык башкармалыгынын аймагында жайгашкан 4,91 га жер тилкеси Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясына өткөрүлүп берилген;

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...