Акыркы макалалар

Түштүк-батыш көрүстөнүндө жер жок калгандыктан, Аламүдүндүн «Гвоздь» айылынан жер бөлүү маселеси каралууда

Азыркы убакта Бишкекте каза болгон адамдарды коюу үчүн шаардын түштүк-батышындагы Чоң-Арык айылына жакын жерде көрүстөн жайгашкан. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Көрүстөндүн жалпы аянты 300 га.ны түзөт. 1996-жылы көрүстөн ачылып жатканда, анын аянты 69 га.ны түзгөн.

Ички миграциянын саны өскөндүктөн, шаардын калкынын саны көбөйүп, көрүстөндүн жер аянты жылдан жылга азайып келе жатат жана анын тегерегиндегилерге санитардык-экологиялык жактан коопсуздукту жаратууда.

Азыркы убакта шаарга жакын көрүстөндөрдө жашаган жеринин катталгандыгына карап жер бөлүүдө. Жердин баасы, көмүү кызматтары пенсионерлерге, майыптарга жана колунда жокторго өзүнчө эсептелинет.

Бишкектин ритуалдык кызматтар агенттиги көрүстөндөрдөгү жолдорду бузуп көмүүдө жана унаа барбаган, тоонун бийик жактарына көмүүдө.Ушуга байланыштуу адамдарды көмүү кызматынын баасы өсүүдө.

Ушундай көйгөйлөргө байланыштуу Бишкек мэриясы Чүй обладминистрациясы жана Аламүдүн районунун жетекчилиги менен «Гроздь» айылынан көрүстөн үчүн 84 га жер бөлүү тууралуу макулдашкан. Бул макулдашуу өкмөткө 2012-жылдын сентябрь айылында кароого жөнөтүлгөн. Азыркы убакта маселе каралууда.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...