Акыркы макалалар

Ата-Түрк паркындагы электр энергиясын төлөбөгөн тургундар карыздарын активдүү төлөй башташты

Ата-Түрк паркындагы электр энергиясына төлөбөгөн тургундар карыздарын активдүү төлөй башташты. Бул тууралуу «Түндүк электр» ААКнын басма сөз кызматы билдирди, деп маалымдайт «ВБ» сайты.

Маалыматка ылайык, Ата-Түрк паркындагы элита үйлөрдүн тургундары колдонгон электр энергиясы үчүн төлөбөгөн карызы коомчулукка ачыкталып, ошондой эле КТРКнын сабалган журналисттери тууралуу маалымат аталган карызы бар үйлөрдүн тургундары карыздарын төлөй башташкан.

Мурунку жумада «Түндүк электр» ААКсы Ата-Түрк паркындагы элита үйлөрдүн уурдалган электр энергиясы боюнча материалдарды ИИМге жөнөткөн. Аталган үйлөрдүн тургундары акыркы жылы 1,1 млн сомго электр энергиясын уурдашкан.

Кечээ, 9-январда «Түндүк электр» ААКсы Малдыбаева көчөсүндөгү бир нече үйдүн электр энергиясын өчүргөн.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...