Акыркы макалалар

ЖК 3 депутатынын соту белгисиз мөөнөткө жылдырылды

ЖК 3 депутатынын соту белгисиз мөөнөткө жылдырылды

10.01.2013. Асанбек Каракозуев

Бүгүн Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунда Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт” фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талантбек Мамытов баштаган адамдардын соту башталган. Аларга бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп айып тагылууда.

Сот башталганда К.Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов судьяны алмаштыруу өтүнүчүн койгон. Кийин судья Абдразак Боромбаев анын өтүнүчүн канааттандырды.

Сот залында депутаттар К.Осмонов, Ж.Жолдошева жана Азимбек Бекназаровдор депутаттарга туура эмес айып тагылгандыгын айтышты.

Ошентип, бүгүн башталган сот иши убактылуу токтотулуп, белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Белгилей кетсек, айыпталып жаткан депутаттар өткөн жылы 3-октябрда Кумтөр боюнча нааразылык акциядан кийин кармалган. Анда К.Ташиев жоон топ адам менен Ак үйдүн тосмосунан ашып өткөн болучу.

Фото: azattyk.kg

Түп нускага шилтеме : www.yntymak.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...