Акыркы макалалар

Ош шаарынын мэри окучууларга балаты майрамын уюштурду

25-декабрда шаардагы “Келечек” балдардын чыгармачылык борборунда Ош шаарынын мэри А. Кадырбаев мектеп окуучулары үчүн балаты майрамын уюштуруп берди. Майрамга мэр өзү келип катышып, келе жаткан жаңы жыл майрамы менен куттуктап, жакшы каалоо-тилектерин билдирип өттү. Кошумча мэрия тарабынан даярдалган белектерин балаты майрамына катышкан ар бир окуучуга тапшырды. Балдардын оюн-зоок, ыр-бийлерине күбө болуп, жетелешип кооздолгон балатыны тегеренип майрамдык маанайды алдыга жылдырды.

Аталган майрамга Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу бардык мектептерден социалдык жактан коргоого муктаж, аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдары жана аялуу окуучулар тандалып, жалпы 9 жаштан 14 жашка чейинки 130 бала катышты.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...