Акыркы макалалар

Ош шаарында мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө өзгөчө мамиле жасалууда

Ош шаарында мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө өзгөчө мамиле жасалууда

Мындай пикирин Ош шаарынын вице-мэри Ильичбек Эргешов 23-декабрь ОшМУнун филология факультетинде болгон “Мамлекеттик тил-ааламдашуу алкагында” аттуу конференцияда билдирди.

“Мамлекеттик тилдин колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, жарандардын алардын ичинде мамлекеттик тилдин билгендердин санынын өсүшүнө дем берүү максатында бир нече жумуштарды аткарып келет. Муниципалдык кызматтардын мамлекеттик тилди үйрөнүүсү үчүн шарттарды түзүү жана иш кагаздарын жүргүзүүнүн мамлекеттик тилге өткөрүү боюнча иш-чаралардын пландарын, ошондой эле мамлекеттик кызматчыларды мамлекеттик тилге окутуунун программаларын каржылоо максатында бюджеттен мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө каралган каражаттын эсебинен 167 850 сом акча каражаты бөлүнүп берилди. Ош шаарынын мэриясынын колдоосу менен шаардагы бир нече мектептерде мамлекеттик тилдин өз деңгээлинде окутулушуна шарт түзүү максатында мамлекеттик тил борборлору ачылып, тил каналары жаңыланды,”,-деп белгиледи. И.Эргешов конференциянын алкагында, вице-мэр Ош шаарынын мэриясы тарабынан КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын “Кыргыз тили” төш белгиси, ардак грамоталары менен бир нече мугалимдерди жана “Мыкты усулдук-2014” республикалык сынагына жигердүү катышкандарга Улуттук комиссиянын сертификаттарын тапшырды.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...