Акыркы макалалар

Мирзат Аджиев: "Жаштарга мүмкүнчүлүк берилсе, өлкө тез эле өнүгөт"

Мирзат Аджиев: "Жаштарга мүмкүнчүлүк берилсе, өлкө тез эле өнүгөт"

Бул ирет "Кыргызстан жаштарынын республикалык конгресси" анда талкууланган маселелер, жаштардын мамлекетти өнүктүрүүдөгү ролу, мамлекеттик кызматтарга аралашуусу тууралуу маек "Эрэп" бирикмесинин жетекчиси Мирзат Аджиев менен болду.

-Кыргызстан жаштарынын республикалык конгрессинин башкы максатына токтолуп өтсөңүз?

-Конгрессти өткөрөрдөн мурда эле көп суроолор жаралды. Ошентип, бул жылы “Мамлекеттүүлүктү бекемдөөдө жаштардын ролу” деген тема тандалып алынды. Жана анын алкагында талкуу болду. Анда ар тараптан келген жаштардын мамлекетке болгон мамилесине, чек арадагы маселелерди чечүүдө жаштардын орду канчалык деңгээлде, өлкөгө эмне берип, эмне алып жатат деген жана башка темалардын тегерегинде кызуу талкуу жүрдү.

-Мамлекеттүүлүктү бекемдөөдө жаштардын ролу канчалык экен. Деги эле жаштарды угуп, алардын пикирлери эске алынып жатабы?

-Конгресстин жүрүшүндө биз чоң нерсени байкадык. Айрым бир жаштар өз алдынча бир нерсе кылып атып, аны баамдабай мамлекетке чоң салымын кошуп жатыптыр. Буга мисал катары, жер-жерлердеги жаштар өкмөттүн жардамысыз социалдык мекемелерди ачып, семинарларды уюштуруп, өсүп келе жаткан жаштарды окутуп, өз казанында өздөрү кайнап жатышат. Ушул сыяктуу жаштардын демилгелери мамлекеттүүлүктү бекемдөөдө салымдарын кошууда. Чек ара тармагын алсак, Баткен облусунун жаштары ушул жаатка тиешелүү көйгөйлөрдү талкуулап, аны чечүүдө алгылыктуу иштерди жасап жатканы белгилүү болду. Улуу муундун, айрыкча чиновниктердин өз кызматын таштагысы келбегендине байланыштуу жаштарды тоготпогону менен жаштар мамлекет үчүн анын бекемдиги, биримдиги үчүн аракет жасоодо. "Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы" демекчи өз креслосунун тегерегине тууган-туушкандарын чогултуп алгандар кааласа да, каалабаса да кете турган учур, жаштардын үнүн уга турган мезгил жакындап калды десем жаңылбайм.

-Азыр өлкөнү өзгөртөм деп умтулуп жаткан жаштар, эртең бийликке келгенде ой-пикирин өзгөртүп жибербейт дегенге кепилдик барбы?

-Азыр өлкөдө болуп жаткан процесстердин баарын баамдап, көрүп жатабыз. Андыктан жаштар бүгүнкүнүн айрым кадрларын кетирип жаткан каталарды кайталабоосуна толук ишенем. Ооба жаштардын арасында деле уулу муундун көпчүлүгүнө окшоп, өз материалдык кызыкчылыгын ойлогондору бар. Бирок, алар өтө аздык кылат. Жаштардын көпчүлүгү сыртка чыгып окуп, ал жактагы өнүгүүлөргө көз салып жатышат. Тажрыйба алууда, андыктан жаштардын мамлекеттик иштерге аралашуусуна мүмкүнчүлүк берилсе, өлкө тез эле өнүгүү жолуна түшөт.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...