Акыркы макалалар

Ак-Турпакта өндүрүлгөн жаратылыш газын мамлекет лицензиялайт

 Ак-Турпакта өндүрүлгөн жаратылыш газын мамлекет лицензиялайт

24-декабрда Өкмөткө караштуу Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин директору Дүйшөнбек Залалиев Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Өрүкзар айылынын жашоочулары менен аймакты газдаштыруу маселесине байланыштуу жолукту. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Мурда Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн жашоочулары бир нече ондогон жылдар боюу өз алдынча жана бекер Түштүк Риштан кенинен чыккан көгүлтүр отунду пайдаланып келишкен.

Бирок, быйыл марттан баштап аталган кенге лицензиясы бар «Баткеннефтегаз» ААК компаниясы мыйзамсыз иштер болгондуктан, аталган аймактын жашоочуларынын газды пайдалануусуна тыюу салган. Андыктан, жергиликтүү жашоочулар Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар агенттигинин жетекчисине бул маселени чечип берүү өтүнүчү менен кайрылышкан.

Өз кезегинде Д. Зилалиев «Баткенннефтегаз» тарабынан бүгүнкү күндө 500 млн тонна газ мамлекеттин карамагына өткөрүлгөндүгүн, ал бир гана Кадамжай районуна эмес, бүтүндөй өлкөбүздүн түштүгүн камсыз кылууга жете тургандыгын айтты. Андыктан, бул маселе боюнча башка ведомстволор менен да иштешүү зарыл.

Ошондой эле ал КРнын президентинин тапшырмасы менен бүгүнкү күндө өлкөбүздүн түштүгүн газ менен камсыздоо бир нече мамлекеттик органдар менен иштелип жаткандыгын, жакын арада түзүлгөн кырдаалды чечүү боюнча так сунуштар берилерин кошумчалады.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...